Пример HTML-страницы

Куралдуу кол салууда аскер бөлүктүн айдоочусу Кулатбек Абдисамат уулу көз жумду. Анын артында 5 баласы калды

Акыркы жанылыктар

TurmushКыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кол салуунун кесепетинен УКМКнын Чек ара кызматынын аскер кызматкери Кулатбек Абдисамат уулу каза болду.

Прапорщик Абдисамат уулу Баткен районундагы «Орто-Боз» чек ара заставасындагы №2022 аскер бөлүгүндө айдоочу болуп иштечү. Ал 16-сентябрда Үч-Дөбө айылында кызматтык милдетин аткарып жатып курман болду.

Кулатбек Абдисамат уулу 1991-жылы Баткен районунун Ак-Татыр айылында туулган. Үй-бүлөдө кичүү уул болчу. Анын артында 5 баласы — 3 уулу жана 2 кызы калды.

«Тажиктердин курчоосунда калып каза болгон дешүүдө. Жанында турган 2 аскерди тоонун арты менен жиберген. Алар Ош—Раззаков жолунун боюна чыгып, тез жардам менен ооруканага барып, тирүү калышкан. Жолдошум кайтпай калды. Үч-Дөбө айылында 7 жылдан бери иштечү, прапорщик.

Элим, жерим деген мекенчил жан эле. Балдарына, үй-бүлөсүнө күйүмдүү болчу. Акыркы жолу байланышканда, «уруш башталды. Мага чалбай тургула, өзүм байланышка чыгам» деп сүрөт жиберген», — дейт жубайы Айымгүл Ганыева.

Кулатбек Абдисамат уулу кызмат өтөп жаткан жер 16-сентябрда таң эрте тажик тараптан аткыланган. Бул жерде 14-сентябрда да жаңжал чыккан.

Кыргызстандын Чек ара кызматы 16-сентябрда саат 06:00 чамасында тажик тарап чек ара түзүмдөрүн жана кыргыз тараптын Эки-Таш, Чыр-Дөбө, Кум-Мазар жана Орто-Боз позицияларын аткылап баштаганын билдирген.

Саат 06:30да тажик тарап Баткен чек ара отрядынын «Көк-Таш» чек ара заставасын миномет менен аткылаган.

Чек ара кызматынын кыргыз-тажик чек арасына тартылган кызматкерлери күчөтүлгөн тартипте иш алып барышкан.

——————————————

Акыркы маалыматтар боюнча, чек арадагы куралдуу кол салууда каза болгондордун саны 59 адамга жетти, алардын арасында жаш балдар да бар. Жабыркагандардын жалпы саны — 198 адам. Алардын көпчүлүгү Бишкек, Ош шаарындагы ооруканаларга жеткирилди.

      • Каза болгон жарандардын алдын ала тизмеси бул шилтемеде.

14-сентябрда кыргыз-тажик чек арасында Тажикстан тараптан ок атылып баштаган. 17-сентябрга чейин абал чыңалган деп бааланды. Тажик тарап чек ара тилкелеринде ок атышууларды токтотуу тууралуу макулдашууларга карабай, ок атууну токтоткон эмес.

Баткен облусунда 136 миң 770 адам үйлөрүн таштап, коопсуз аймактарга эвакуация болууга мажбур болушту.

Кыргызстандын Чек ара кызматы тажик тарап оор техникаларды — танк, «БТР», «БМП» жана минометторду колдонгонун билдирген.

«Кыргызстандын аймагына болгон куралдуу кол салууга сакалчан, кайсы бир аскердик бөлүккө таандык белгиси жок, кара түстөгү аскердик кийим кийген, сыртынан эл аралык террористтик уюмдардын мүчөсүндөй (жалданма жан кечти) көрүнгөн эркек кишилер аралашты», — деп айтылган УКМКнын маалыматында.

Тажикстан Баткен облусуна гана эмес, Ош облусуна да кол салды.

18-сентябрда гана абал турукташты.

Куралдуу кагылышуунун кесепетинен Баткен облусунун инфратүзүмү талкаланды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE