Пример HTML-страницы

Кочкордо кымыздын бир литри 100 сомдон сатылууда

Акыркы жанылыктар

TurmushКочкор айылында кымыздын бир литри 100 сомдон сатылууда. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Кымыз сатуучу — Жаңы-Жол айылынын тургуну Махабат Өмүракунованын айтымында, кымыз жаңы чыкканда 250 сомдон сатылган. Учурда 100 сомдон сатылууда.

«Быйылкы жылы жаз алдында кымыздын литри 250 сомдон сатылган. Улам арзандап отуруп, азыр бир кыйла арзандап, литри 100 сомдон сатылып жатат. Кымызды биз 90-95 сомдон сатып алып, кайра 100 сомдон сатабыз. Азыр кардарлар кымызды ооз тийип, даамына, тазасына карап алышат.

Жайлоодон келгенде кээ бирөө суу кошуп коюшат. Андай кымыз суюк болуп, бир аздан кийин туна баштайт. Жакшы бышылбаган кымыз кыйгыл жана супсак болуп кардарлар ичкиси келбейт. Сатып жатканда сүттөн кошуп, улам-улам бышып турабыз. Кыргыздар суу кошуп жасаган кымызды тунма кымыз, уйдун сүтүн кошуп жасаган кымызды жылма кымыз деп коюшат. Барган сайын кардарлар тандап, жакшы жасалганын иче баштады.

Кургак учук, ичеги-карын ооруларына тез таасирин тийгизип, акырындап айыктырат. Элдер дарылык үчүн сатып алышат. Азыр көбүнчө саамал ичкендер көбөйдү. Кымыз мындан ары күн жылуу болсо дагы арзандашы мүмкүн. Жайлоодо жаан-чачын көп болуп, бээ саагандар да аз болуп, кымыз азайса, баасы көтөрүлүп кетиши ыктымал. Кымыздын кымбат же арзан болушу аба ырайы менен байланыштуу», — деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE