Пример HTML-страницы

Кеминдеги жубайлар У.Суранчиев менен А.Шалтакова «Нарктуу үй-бүлө» наамын жеңип алышты

Акыркы жанылыктар

TurmushКеминдин Чым-Коргон айылынын тургундары — Урмат Суранчиев менен Айжан Шалтакова 3 кыз, 1 уулду тарбиялап келишет. Алар жакында эле «Мыкты ата-эне» сынагына катышып, «Нарктуу үй-бүлө» наамын жеңип алышты.

«Өзүм Балыкчы шаарында жарыкка келдим. Жолдошум Урмат Чым-Коргон айылынын тургуну. Экөөбүз айылда үлгүлүү үй-бүлөлөрдүн катарын толуктаганга аракет кылып келебиз. Жашоодо ар кандай кызыктуу окуялар болот. Анын бирөөсү эсибизден такыр кетпейт. Бир жолу үйдө баарыбыз чогулуп, сыналгы көрүп отурганбыз. Бир маалда жолдошум: «Абдан чарчадым, ушул өлүп калбасам экен» деп тамашалап калды. Анда кичинекей кызым чуркап келип: «Ата өлсөӊүз, телефонуӊузду мага таштай кетиӊиз» деп коет. Баарыбыз күлүп жибердик. Көрсө кызым бул теманы толук түшүнбөйт экен.

Эӊ бактылуу көз ирмемдер — балдарымдын төрөлгөнү. Алардын бактысы, ата-эненин бактысы деп ойлом. Эӊ кайгылуу көз ирмем — эӊ улуу балам 14 жашка чыгайын деп калганда каза болуп калганы. Азыр 20 жашка чыгып калмак», — деди ал.

Айжан айым Бишкек шаарындагы ооруканалардын биринде кенже кызматкер болуп иштесе, жолдошу айылдагы Үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунда кароолчу болуп иштейт.

«Экөөбүз теӊ медицина тармагында аз да болсо салым кошуп, иштеп келебиз. Негизи менин кыялым — дарыгер болуу. Балким ал тилегиме дагы жетип калармын. Бош убактымда аялзатына тиешелүү үй-оокаттарын жасайм. Келечекте балдарыма татыктуу тарбия берип, тереӊ билим алуусуна шарт түзүп берсек дейбиз.

«Канткенде бактылуу үй-бүлөнү түптөсө болот?» дегендерге айтар элем, жубайлар биринчи бирин-бири түшүнө билиш керек. Ата-эне кандай болсо, балдар дагы ошондой болот. Бекеринен «Уядан эмнени көрсө, ошону алат» деп айтылган эмес да. Ошол себептен балдарыбызга ата-эне үлгүлүү болушубуз керек.

Бизди бактылуу жана үлгүлүү үй-бүлө деп эсептеген үчүн сынакка чакырышты деп ойлойм. Социалдык өнүктүрүү бөлүмүндө иштеген Гүлкайыр Нуракова деген эжебиз телефон чалып, райондо «Мыкты ата-эне» сынагы болуп жатыптыр деп, сунуш кылды. Ошентип ал сынакка катышып, жолдошум жана үй-бүлөм менен «Нарктуу үй-бүлө» наамын утуп алдык», — деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE