Пример HTML-страницы

Караколдо дагы бир окуучу кыз жоголуп, эртеси табылды (видео)

Акыркы жанылыктар

TurmushЫсык-Көл облусунун Каракол шаарында дагы бир окуучу кыз жоголуп кетип, эртеси табылды. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Маалыматка караганда, кечээ, 16-ноябрь күнү саат 12:30 чамасында окуучу кыз мектептен чыгып кеткен бойдон дайынсыз жоголгон.

Аны издөөгө Каракол ШИИБдин өздүк курамы, Каракол шаардык мэриясы, мугалимдер жана шаар тургундары катышкан.

Издөө иштери түнү менен жүргүзүлдү. Анда суу жээктери, парктар, бардык көчөлөр каралып чыкты.

Эртең менен аны борбордук аянттан өтүп бара жаткан киши таап алып, издеп жаткандарга видео кайрылуу жасап табылганын айтты.

Милиция кыз бүгүн, 17-ноябрда саат 07:00 чамасында табылганын жана кыз кайда болгону боюнча териштирүү иштери жүрүп жатканын билдирди.

Бирок издөө учурунда борбордук аянт толугу менен каралганын, ал жерде кыз болбогону айтылууда.

Буга чейин Каракол шаарында 2 жоголуп кайра табылган. Алардын бири карагайдын түбүндө уктап калганы айтылган. Муну менен катар Каракол шаарында эки өспүрүмдүн жансыз денеси табылган. Бири өз үйүндө асынып каза болгон. Экинчинин жансыз денеси чуңкурдан табылган.

Мындан улам ата-энелерге түшүндүрүү иштери байма-бай жүрүп, балдарга сак болуу керектиги айтылууда.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE