Пример HTML-страницы

Караколдо Айт намазга кеткен өспүрүм бала ата-энесин милицияга кайрылууга аргасыз кылды

Акыркы жанылыктар

TurmushКаракол шаарында Айт намазга кетип, дайынсыз жоголгон өспүрүм бала табылды. Бул тууралуу Ысык-Көл ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 3-майда Каракол ШИИБге С.М. аттуу жаран телефон чалып, 2-майда 2010-жылы туулган уулу Б.Ш. Айт намазына чыгып кеткен бойдон дайынсыз болуп жатканын билдирген.

Бул билдирүү боюнча Каракол ШИИБдин кызматкерлери издөө иштерин башташкан. Көрүлгөн иш-чаралардын жыйынтыгында жашы жете элек Б.Ш. аман-эсен Каракол шаарынын борборунда жайгашкан компьютердик клубдардын биринен Каракол ШИИБдин балдар менен иштөө инспекциясынын инспектору, милициянын капитаны Таджиева А.Т. жана милициянын лейтенанты Шерипов Э.К. тарабынан табылган.

Өспүрүм Б.Ш. айттап, кеч болуп кеткендиктен үйүнө баргандан коркуп, компьютердик клубга кетип калганын билдирген.

Бала ата-энесине өткөрүлүп, компьютердик клуб боюнча тиешелүү чара көрүү үчүн балдар менен иштөө комиссиясына сунуш жиберилди.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE