Пример HTML-страницы

Каракол шаары боюнча «Алтын тамга» аттестатына татыган 3 окуучу ийгилик сыры менен бөлүштү

Акыркы жанылыктар

TurmushЫсык-Көл облусунун Каракол шаарында «Алтын тамга» артыкчылык аттестатына 3 окуучу татыктуу болду. Алар: №11 мектеп-гимназиясынын окуучулары — Акбийкем Доктурбаева жана Айтунук Абдрасулова, №3 мектеп-гимназиясынын окуучусу — Даниель Асанакунов. Алар менен Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы маек курду.

  • Абдрасулова Айтунук Нурбековна 2006-жылы 29-августта Ак-Суу районундагы Ак-Булун айылында туулган. Ал мугалимдердин үй-бүлөсүндө тарбияланган.

«1-классты ушул эле айылдагы композитор, залкар комузчу Ыбырай Туманов атындагы жалпы орто билим берүү мектебинде аттагам. Анда ата-энем мугалим болуп эмгектенишет. Чоң энем ардактуу эс алууда, анын да кесиби мугалим. Үй-бүлөдө 6 бир туунанбыз, эжем, 3 сиңдим жана иним бар», — деди ал.

Айтунук 8-класстан тарта Каракол шаарындагы №11 мектеп-гимназиясында окуй баштаган.

«Сапаттуу жана терең билим алуу максатында Каракол шаарындагы №11 мектеп-гимназиясына которулгам. Мектеп босогосун аттагандан тарта, мектепти ийгиликтүү аяктаганды кыялданчумун. Убакыт өтүп, кыялым максаттуу ишке ашты. Окуп жаткан ар бир сабакка тыкыр көңүл буруп, агай-эжейлердин тапшырмасын убагында так жана туура аткарууну адатка айландырдым. Үйгө берилген тапшырманы тереңдетип изилдеп, талдап көрүүнү чечтим. Ошентип аракет кылып жатып, учурдагы ийгиликке жетиштим десем болот. Окуу учурунда табигый илимдерге кызыгып, химия сабагы боюнча олимпиадаларга катышып, алдыңкы байгелүү орундарга ээ болуп жүрдүм. Муну менен катар “Манас таануу” интеллектуалдык таймашына катары менен 3 жыл катышып, командабыз менен байгелүү орундарды багындыра алдык. Өз билимимди өркүндөтүү максатында окуу курстарга катышып, «өлкөнүн 100 алдыңкы окуучусу» наамына татый алдым», — деди ал.

Ал бош убактысында тогуз коргоол, шахмат менен да машыгарын айтат.

«Бир гана окуу менен алектенбестен спорттун тогуз коргоол, шахмат оюну боюнча мелдештерге катышып, алдыңкы орундарга ээ болдум. Бош убактымда үй жумуштарына жардам берип, тамак жасаганды жакшы көрөм. Китеп окуган пайдалуу жана кызыктуу деп эсептегендиктен, дүйнөлүк классикадагы адабий китептерди окуганды жактырам. Акыркы жылдары окууга кунт коюп, мектеп курсун жыйынтыктоодо күнү-түнү окуу менен алектенип жүргөн маалым», — деди ал.

Каарманыбыз артыкчылык аттестаттын кантип алып калгандыгын айтып берди.

«Буга чейин 9-классты да өзгөчө күбөлүк менен аяктагандыктан, кандай даярдыктар болорун алдын ала билип калган жайым бар. Атайын окуп билим алып жаткан мектебимдин атынан чыгып жаткандыктан, катуу жоопкерчиликти аябай сезип жаттым. Суроолору абдан кызыктуу жана маңыздуу түзүлүптүр. Баардыгы мектеп курсунан алыныптыр. Мен бул тестке 5-11-класста өтүлгөн материалдарды кайталоо менен даярдандым. Муну менен катар жалпы республикалык тестирөөлөгө даярдык көрүүгө өбөлгө болду», — деди ал.

Артыкчылык аттестатына билимин тастыктай алганын алгач ал чоң энесине айткан.

«Ата-энем биздин кандайдыр бир жакшы жетишкендиктерибизди аябай чоң сүйүнүч менен кабыл алышат. Биз менен чогуу толкунданып, кубанычыбызды бөлүшөт. Ар бир ийгиликтерибизди, дасторкон үстүндө талкууга салып, ой бөлүшүп, бата тилеген жакшы адатка айланган. Менин оюмча, ар бир ата-эне өз баласынын ийгиликтери үчүн сыймыктанат. Анысы кандай биздин ата-энебиз да, бул жаатында чоң кубаныч менен кабыл алышат. Биринчи уккандагы маалыматымды чоң энем менен бөлүштүм, андан кийин үй-бүлөмө WhatsApp аркылуу жаздым», — деди ал.

Келечекте окууга көңүл буруп, эл керегине жараган мыкты адис болууну максат кылат.

«Алдыда дагы өтө жоопкерчиликтүү жалпы республикадык тестирлөө турат. Келечекте ата-энем сыймыктанган, ак халат кийип, элдин саламаттыгын сактаган дарыгер болууну кыялданам», — деп сөзүн жыйынтыктады Айтунук.

  • Доктурбаева Акбийкем Улановна 2005-жылы 10-январда туулган. Үй-бүлөдө 3 кыздын улуусу.

«»Алтын тамга» аттестаттына болчу тесттин мөөнөтү мага 26-мартта айтылды. Тактап айтканда, 1 ай даярданууга убакыт болду. Бирок даярдыкка көп көңүл бура алган жокмун. Анткени 3-апрелден 4-апрелге чейин химия сабагы боюнча улуттук олимпиада өтүшү керек болчу, ага даярданып калдым. Анан «Алтын тамга» артыкчылык аттестатына болгон кароо-сынакка эки жума калганда, активдүү даярдана баштадым.

Анда орус тили жана адабияты (окуу тилине жараша), математика, химия жана Кыргызстандын тарыхы боюнча тест бердик. Орус класста окуганыма байланыштуу сынакты орус тилинде тапшырдым. Жалпысынан мен өтө деле тынчсызданган жокмун, анткени бул сабктар боюнча менин түпкү билимим жакшы экенине ынандым. Бирок тарых сабагында мүчүлүштүктөр бар болчу. Бул сабакта жыл сайын бир эле темаларды кайталай берет эмеспизби, бирок эсимде калбай калат. Ошондуктан китептерди окудум, баардыгын тесттер менен бекемдедим. Менде математика, орус тили жана тарых боюнча атайын тест китептери бар болчу. Ал мага абдан жардам берди. Анткени сынактагы көптөгөн суроолор ушул тесттен алынган эле.

Анын жетишкен ийгилигин алгач класс жетекчиси укканын айтат.

«Мен билимимди тастыктаганымды биринчи болуп, класс жетекчим Клара Жолбуновна билиптир. Өзүм баарынан да жакшы жыйынтык менен ушу мугалимимди кубанткым келчү. Анан бул сүйүнүчтүү кабарды ата-энеме айттым», — деди ал.

Акбийкем химия сабагы боюнча бир канча облустук, республикалык, эл аралык олимпиадалардын жеңүүчүсү. Ага бул сабактан билим берген Венера Насыровна себепкер экенин айтат. Бош убактысында сүрөт тартууну жактырат. Анын арты менен атайын долбоорлорго катышып, командасы менен жеңүүчү да боло алган.

Каарманыбыз «Алтын тамга» артыкчылык аттестатына болгон кароо-сынак учурундагы ыңгайсыз окуясын айтып берди.

«Сынакта математика сабагынан жазып жатканда, толкундангандыктан абдан жеңил мисалды туура эмес чыгарып алдым. Бул белгилүү бир тапшырманын бөлүмү эле. Анан аягында жооп туура башка чыгып калды. Мен администраторго кайрылып, тапшырма ката экенин айткам. Ал атайын арызын толтуруп, кетип калды. Кийин ошол тапшырмада меники туура эмес экенин түшүндүм жана ал эжеде алдында абдан уялдым.

Мага окшогон бүтүрүүчүлөргө кеңешим, экзамен учурунда кабатыр болбоңуз. Тынчсыздануу убакытты жана күчтү талап кылат, көңүлүңүздү жоготосуз. Даярдансаңыз, аракет кылсаңыз, анда сөзсүз жакшы натыйжага жетесиз демекчимин», — дейт ал.

Акбийкем Доктурбаева келечекте И.К.Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясына тапшырып, дарыгер болгусу келет.

  • Асанакунов Даниель Айбекович 2005-жылы 5-октябрда туулган. Үй-бүлөдө 3 бир туугандын ортончусу, эжеси жана иниси бар.

«Сынакка катышуу үчүн химия сабагынан гана кошумча сабактарга бардым. Калганын мектептен эле окуп даярдандым.Тесттин суроолору мага өтө деле оор болгон жок, болгону орус тил сабагынан гана бир аз кыйынчылыктар болду», — деди ал.

Даниель билимин тастыктай алганын укканда, алгач апасына сүйүнчүлөгөн.

«Эң эле биринчи апама сүйүнчүлөгөм. Негизи эле энелер балдарынын ийгилигине абдан кубанат эмеспи. Ушунча биздин билим алуубузга бар аракетин жумшаган апамды кубантуу мен үчүн сыймык болду. Ата-энем ийгиликтериме кубанып, колдоп турганы мага дем берет», — деди ал.

Буга чейин ал Каракол шаарында өткөн сынактарда ийгиликтерди жаратып келген. Аны менен катар шаардык олимпиадаларларда алдыңкы орундарды камсыздай алган.

Бош убактысын көпчүлүк мырзалар өңдүү автоунааны оңдоп, анын айланасында өткөрүүнү жактырат.

«Бош убактымда атама жардам берип, автоуналарды оңдоого кызыгам. Негизи ар бир жигит унаасын өзү оңдоп алууну билиш керек деп эсептейм», — дейт ал.

Ошондой эле дени сергек жашоону жактырып, волейбол ойноп келет. Келечекте калктын саламаттыгын сактаган дарыгер болууну кыялданат. Учурда бул тармактагы окуу жайларды тапдап, жалпы республикалык тестке даярданып жаткан кези.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE