Пример HTML-страницы

Кара-Суудагы мергенчилер 5 карышкырды туш тарабынан тосуп, үчөөнү атышты. Видео

Акыркы жанылыктар

TurmushКара-Суу районунун Папан айыл аймагынын Ата-Мерек жайлоосунан мергенчилер 3 ургаачы карышкыр атышты. Бул тууралуу Жаратылышы ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин Биотүрдүүлүктү жана өзгөчө корголуучу жаратылышты коргоо кызматынын Ош аймактык башкармалыгынын Кара-Суу району боюнча аңчы адиси Урустамали Абдикаримов билдирди.

Анын айтымында, аңчылардын эки тобу 5 карышкырды туш тарабынан тосуп, үчөөнү атып алышкан.

«Үч ургаачы карышкыр кечээ, 4-февраль күнү Ата-Мерек жайлоосунан атылды. Ал эми 1 чөө Папан айыл аймагынан атылды. Азыркы күндө аңчылардын дагы эки тобу Кожокелең айылынын Кара-Кур участкасында 7 карышкырды аңдып жүрүшөт.

Карышкырлар Папан айыл аймагынан, Ата-Мерек жайлоосу, Кара-Сөгөт айылы болуп жалпы 15 жылкыны жеп койду. Азыр аңчылардын бир нече тобу иштеп жатышат.

Кыргызстан боюнча 28-январь күнү аңчылык мезгили жабылган. Ошону үчүн ар бир топто бештен аңчыны кошуп, карышкыр атууга лицензия берип, анан атууга чыгарып жатабыз», — деди Абдикаримов.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE