Пример HTML-страницы

Кара-Кече көмүр кенинде айдоочуларга түшүндүрүү иштери жүрүп жатат

Акыркы жанылыктар

TurmushНарын облусунун Жумгал районунда көмүр ташуучу унаалардын айдоочуларына түшүндүрүү иш-чаралары жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу Нарын ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

ЖКККБнын кызматкерлери Кара-Кече көмүр кенинде айдоочуларга унаанын техникалык абалын жана жарыктандыруучу фараларын ар дайым оң абалда алып жүрүүнү, ашыкча жүк салбоону, эс албастан чарчаңкы абалда жолго чыкпоону, ылдамдыкты ашырып айдабастан жол эрежелерин так сактоону эскертишти.

Мындай профилактикалык түшүндүрүү иш-чаралары көмүр кенинин ишмердүүлүгүнүн мезгилинин соңуна чейин уланмакчы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE