Пример HTML-страницы

Кара-Балта шаарында «Лексус» унаасынын айдоочусу жол чырактын кызыл белгисинен өтүп кетти

Акыркы жанылыктар

TurmushЧүй облусунун Кара-Балта шаарында «Лексус» үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу жол чырактын кызыл белгисине өтүп кеткенин окуянын күбөсү Turmush басылмасынын кабарчысына билдирди.

Анын айтымында, бул көрүнүш бүгүн, 12-сентябрь күнү Кожомбердиев көчөсүндө болгон.

«Көптөгөн айдоочулар бул жол чыракка токтоонун кереги жок деп эсептешет. Аларды башка айдоочулардын ачуу тажрыйбасы үйрөтпөгөндөй. Маселен, үстүбүздөгү жылдын май айында аталган тилкеде жөө адамдар өтүүчү жерден жолдон өтүп бара жаткан карыяны унаа сүзүп кеткен. Бир нече убакыт өткөндөн кийин, ал каза болду», — деди окуянын күбөсү.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE