Пример HTML-страницы

Кант шаарында көрүстөн маселеси курч болууда

Акыркы жанылыктар

TurmushЧүй облусунун Ысык-Ата районуна караштуу Кант шаарында мусулмандардын көрүстөнү жок. Бул тууралуу жергиликтүү тургундар билдиришти.

«Кант шаарында бир эле мүрзө бар. Ал жерге ар кошкон эл, ар кандай диндин өкүлдөрү сөөк коюшат. Толуп дагы калды. Ал эми мусулмандардын өзүнүн көрүстөнү жок», — деди алар.

Ысык-Ата районунун акими Алмазбек Осмонов: «Бул өтө көйгөйлүү маселе. Мен эл менен жолукканда, Кант шаарында мусулмандардын мүрзөсү жоктугу зээнимди кейитти. Бул маселе боюнча Кант шаарынын мэри, Жээк, Люксембург айыл өкмөт башчылары менен кеӊешип, жакын арада бул көйгөйдү чечебиз», — деди.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE