Пример HTML-страницы

К.Рахимдуллаеванын кийизден жасалган сөйкө, шакек, чынжырчасына буюртмалар көп болууда

Акыркы жанылыктар

TurmushЫсык-Көл облусунун Ак-Суу районуна караштуу Челпек айылынын тургуну Касиет Рахимдуллаева ден соолугунан мүмкүнчүлүкү чектелген. Ал кол өнөрчүлүк менен алектенип, сынактарда баш байгени багындырып жатканын апасы Гүлмира Харимдинова билдирди.

Касиет Рахимдуллаева Челпек айылынын Т.Искаков атындагы 10-классынын окуучусу.

«Касиет үй-бүлөдө 6 баланын төртүнчүсү, 2-топтогу майыптыгы бар. Мектепке бир жыл кеч бардык. Окууда кыйынчылыктар болгону менен кызым зирек. 12 жашынан бери кол өнөрчүлүк менен алектенип келет. Шуру, кийиз менен сувенирлерди жана гүл жасайт. Үйдө өзүм жана кыздарым кол өнөрчүлүккө жакын болгондуктан биз менен бирге иштеп жатып эле үйрөнүп алган. Азыр тигүүнү үйрөнүп жаткан кези», — деди ал.

Касиет жасаган буюмдары аркылуу бир катар сынакка катышып баш байгелердин ээси экенин апасы айтып өттү.

«Касиет мектепте да кол өнөрчүлүк ийримине катышат. Ак-Суу районунда өткөн көргөзмөлөрдө 1-2-орундарды багындырган. 21-августта Ысык-Көл облусундагы ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын өнөрлөрүн өркүндөтүү максатында «Бирге көтөргөн жеңил болот» сынагы өтүп, кызым 1-орунду багындырды. Анын фантазиясы менен кийизден жасалган этно зер буюмдары (сөйкө, шакек, моюн чынжыры жана билерик) көпчүлүктүн көңүлүн бурду. Буга чейинки көргөзмөлөрдө да сатып келген. Бул жолу да буюртма беришти», — деди ал.

Көргөзмө-сынактар Касиетке алдыга умтулууга түрткү берет.

«Ар бир жасаган эмгегин баалап мактап турам. Касиеттин сүйлөө жагынан көйгөйү болгондуктан анын көңүлүн таап угуу керек. Эгер көңүлү жок болгон учур болсо түнт болуп калат. Маанайы жакшы кезде, баарын айтып берет. Жасаган иштери өзүнө да жагат. Сынактарда жеңип келгенде аябай кубанат. Келечекте белгилүү дизайнер болот деген үмүтүбүз бар», — деп сөзүн жыйынтыктады ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE