Пример HTML-страницы

Көк бөрү боюнча президенттин кубогун Таластын «Ынтымак» командасы жеңип алды. Көрүүчүлөр калыска нааразы болуп, талаага чуркап чыгышты

Акыркы жанылыктар

TurmushОш шаарынын жанындагы «Төлөйкөн» ат майданында көк бөрүнүн финалдык оюну аяктап, жеңүүчүлөр ат майдандан качып чыгышты, деп билдирди аймактык кабарчы.

Кыргыз Республикасынын президентинин кубогу үчүн финалда «Достук» жана «Ынтымак» командалары беттешти.

Биринчи бөлүктүн башталышында «Ынтымак» командасы тайказанга улак таштаганга үлгүрдү. Экинчи бөлүктө «Достук» командасынын оюнчусу Манас Ниязов эсепти теңеди. Үчүнчү бөлүктө «Ынтымак» командасы дагы бир упай алууга жетишти. Жалпы упай 2:1 болду.

Натыйжада Талас облусунун «Ынтымак» командасы президенттин кубогун жеңип алды.

Финал аяктап, ышкырык угулгандан кийин элдер калыска нааразы болуп, талаага чуркап чыгышты. Андан кийин аны ур-токмокко алып баштаганда тартип сакчылары аларды арачалап, калысты элдин арасынан алып чыгып кетишти.

Жеринде аймактык кабарчы билдиргендей, Ынтымак» командасынын улакчылары да ат майдандан качып кетишти.

Кырдаал жөнгө салынгандан кийин жеңүүчү команданын өкүлдөрүнө президенттин кубогу жана баш байге ыйгарылды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE