Пример HTML-страницы

Германияга 3 айга иштөөгө кеткен Нуркен Таавалдиев айына канча маяна аларын айтты

Акыркы жанылыктар

TurmushОш облусунун Араван районунун 19 жаштагы тургуну Нуркен Таавалдиев жайкы эс алууда акча табуу максатында чет өлкөгө кеткен. Ал учурда Германиянын Дюссельдорф шаарында шоколад өндүргөн фабрикада иштеп жатканын айтып берди.

«Негизи Европа өлкөлөрүнө кетүү менин кыялдарымдын бири болчу. Кыргызстандагы Германияга жөнөтүүчү компаниялар менен келишим түзүп, 3 айга жумушка жана саякаттоого келгем. Жашап жаткан жеримде бардык шарттар бар. Эли өтө жөнөкөй жана ак көңүл келишет, эң негизгиси бизге жакшы мамиле жасашат. Аба ырайы ысык эмес, салкын, тез-тез жамгыр жаап турат.

Экономикасы жогорку деңгээлде өнүккөн өлкөлөрдүн катарын толуктайт. Кыргызстандан айырмаланып, шаарлары абдан таза жана көпчүлүк үйлөр окшош курулган. Бардык нерсе өз убактысы менен, немистер тактыкты абдан жакшы көрүшөт. Көпчүлүгү дени сак болушу үчүн унаанын ордуна велосипед тебишет. Баарынан да мени калаанын жасалгалары жана музейлери аябай таң калтырды», — деди ал.

Каарманыбыз айына канча акча табарын айтты.

«Бул жакка келгенде көп деле кыйынчылыктар болгон жок. Башында тил билбей калып, көп кызыктуу учурлар болду. Жумушка биринчи жолу барган күнү эле кечигип калганбыз. Тактыкты жакшы көргөн немистер эмне үчүн кечигип калганыбызды сурашкан. Тилди жакшы билбегенден улам кайра-кайра кечирим сурай бергенбиз. Ал күнү жолдон адашып калып, убактыбыз кетип калган болчу. Мени менен чогуу келген кыргыз студенттер көп. Алар менен эс алуу күндөрү жолугуп саякаттайбыз, фудбол, волейбол ойнойбуз.

Бош убактымда шаар айланам, тил үйрөнөм, кээде немистер менен баарлашам. Бул жакта 5 күн, күнүнө 8 саат жумуш болот. Саатына 13 евродон төлөп беришет. Бирок айлыкка жараша чыгымы да көп. Бул чыгымдарды эсепке албаганда, айына 130-140 миң сомдон тапсаң болот. 2022-жылы М.М.Адышев атындагы Ош технологиялык университетинин программист адистигине окууга тапшыргам. Келечекте компьютер тармагын жакшы өздөштүрүп, мыкты программист болгум келет», — деди ал.

Нуркен Таавалдиев үй-бүлөдө 7 бир туугандын алтынчы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE