Пример HTML-страницы

«Эркечтам» бекетинен өткөн оор жүк ташуучу унаалардын айдоочулары нааразычыктарын билдиришти

Акыркы жанылыктар

Turmush29-декабрда «Эркечтам» көзөмөл-өткөрмө бекетине чогулган оор жүк ташуучу унаалардын айдоочулары нааразычыктарын билдиришти.

«Бажы терминалында айдоочулардан 500 сомдон алынат, бирок эч кандай шарт түзүлбөйт. Жолдун абалы начар, жүк ташуучу унаалар өзгөчө кар, жамгырда тыгылып калууда», — дешти айдоочулар.

Муну менен катар жолдун начардыгынан оор жүк ташуучу унаалар бузулуп жатканын кошумчалашты.

Айдоочулар терминалдан күнүнө 200 унаа өтсө, анда 100 миң сом чогуларын эсептеп чыгышкан.

Президент Садыр Жапаров 2023-жылдын 28-июлда Оштун Алай районундагы Түштүк-Батыш бажысынын «Иркештам» автомобилдик өткөрмө пунктунун иши менен таанышкан.

Анын алкагында жалпы узундугу 3,4 чакырымды түзгөн төрт тилкелүү жолдун курулушу жүрүп жатканы белгилүү болгон. Долбоор ошондой эле узундугу 187 метр болгон эстакадалык көпүрөнүн курулушун жана көмүрдү ташуу үчүн ленталык конвейерди орнотууну камтыйт. Президент 2023-жылдын 1-октябрына чейин анын өткөрүү жөндөмдүүлүгүн бир нече эсе көбөйтүү үчүн аймакты толугу менен модернизациялоо, кеңейтүү, кошумча тилкелерди куруу жана пункттун бажы инфраструктурасын шайкеш келтирүү тапшырмасын берген.

Аткарылып жаткан иштер тууралуу Мамлекеттик бажы кызматынын жетекчиси Самат Исабеков маалымат берген. Аягында «Иркештам» автомобилдик өткөрмө пунктунун имараты ыңгайсыз жана талаптарга жооп бербей турганын айткан.

Аны уккан президент эмне тоскоолдук болуп жатканын сураган. Исабеков реконструкциялоо үчүн каражат жетишсиз экенин айтып жооп берген.

«5-августка чейин бардыгы боюнча сметаны жазып алып, мага келесиң. Анан 1-октябрга чейин баарын бүтүрөсүң.

2 жылдан бери сунуш киргизбей эмне кылып жүрөсүң? Ушинтип эле шарт түзүп бер… Ар бир жетекчи өзүңөр иштеп жаткан жерге шарт түзүшүңөр керек.

2-3 ай иштегенден кийин дароо сунуш киргизишиң керек болчу. Мамлекетти багып жаткан бир точкасы ушул да. «Ооба» дейсиң дагы, 2 жылдан бери отурасың», — деген президент каражат таап бере турганын айткан.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE