Пример HTML-страницы

Токмокто чак түштө 2 жигит кудуктун капкагын унаага салып кетишти

Акыркы жанылыктар

TurmushЧүй облусунун Токмок шаарында чак түштө кудуктун капкагын уурдап кетишти. Күбөлөр капкакты алып кеткендерди сүрөткө тартып алууга жетишип калды.

Жергиликтүү жашоочулардын айтымында, буга чейин кудуктун капкактары жоголуп жаткан.

«Гостиница аттуу райондо «Керемет» дүкөнүнүн маӊдайынан эки жаш жигит чаламандын чак түшүндө кудуктун капкагын алып, унаага салып кетишти. Буга чейин шаардын ар кайсы райондорунда бир катар көчөлөрдө кудуктун капкактары жоголуп жатканы байма-бай айтылып келген. Уурулар, кылмышкерлер күндүз эле ээн-эркин кылмыш кылып калганбы?» — деди тургундардын бири.

Милициядан бул маалымат такталып жатканын билдиришти.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE