Пример HTML-страницы

Быйыл Баткенге 3 млрд сомдон ашык инвестиция тартылды

Акыркы жанылыктар

Turmush2022-жылдын башынан ноябрь айына чейинки мезгилде Баткен облусунун аймагына тартылган инвестициялардын көлөмү, анын ичинен эл аралык уюмдардын жана жеке тараптардын инвестициясын кошкондо 3 млрд 334 млн сомду түзүп, жалпы 69 долбоор ишке ашты. Бул тууралуу президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы билдирди.

Баткен району боюнча:

2022-жылдын башынан тартып Баткен району боюнча ички жана сырткы инвестициялардын көлөмү 421,1 млн сомду түзүп, жалпысынан 9 долбоор ишке ашкан.

Лейлек району боюнча:

2022-жылдын башынан тартып Лейлек району боюнча ички жана сырткы инвестициялардын көлөмү 566,2 млн сомду түзүп, жалпысынан 22 долбоор ишке ашкан.

Кадамжай району боюнча:

2022-жылдын башынан тартып Кадамжай району боюнча ички жана сырткы инвестициялардын көлөмү 1 487,7 млн сомду түзүп, жалпысынан 17 долбоор ишке ашкан

Кызыл-Кыя шаары боюнча:

2022-жылдын башынан тартып Кызыл-Кыя шаары боюнча ички жана сырткы инвестициялардын көлөмү 174,1 млн сомду түзүп, жалпысынан 5 долбоор ишке ашкан.

Сүлүктү шаары боюнча:

2022-жылдын башынан тартып Сүлүктү шаары боюнча ички жана сырткы инвестициялардын көлөмү 33,3 млн сомду түзүп, жалпысынан 12 долбоор ишке ашкан.

Баткен шаары боюнча:

2022-жылдын башынан тартып Баткен шаары боюнча ички жана сырткы инвестициялардын көлөмү 651,4 млн сомду түзүп, анын ичинен 4 долбоор ишке ашкан.

Жыл башынан бери облуста жалпысынан 6 кичи ГЭСти курууга инвестор тартылган. Ал эми облуста жалпы 12 кичи цех, анын ичинде 3 тигүүчү цех инвесторлор тарабынан каржыланып ишке берилген.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE