Пример HTML-страницы

Эки жылдан бери дайынсыз болуп жаткан кочкорлук тургун табылды

Акыркы жанылыктар

TurmushЭки жылдан бери дайынсыз болуп жаткан жаран табылды. Бул тууралуу Нарын ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, милицияга 2021-жылдын 12-октябрында Кочкор районунун Комсомол айылынын 1967-жылы туулган тургуну М.Э.Ш. кайрылып, Комсомол айылынын тургуну — 1970-жылы туулган иниси М.А.Ш. үйдөн чыгып кеткен бойдон дайынсыз болуп жатканын билдирген.

М.А.Ш. Кочкор РИИБдин кылмыш иликтөө бөлүмчөсүнүн ыкчам кызматкерлери тарабынан 2023-жылдын 12-сентябрь күнү Чүй облусунун Кемин районунда мал багып жүргөн жеринен табылып, туугандарына өткөрүлүп берилген.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE