Пример HTML-страницы

Дүйнөгө атагы чыккан Хабиб менен Хасбик Ысык-Көлдө эс алып жатышат (видео)

Акыркы жанылыктар

TurmushЖеңил салмак категориясы боюнча UFCнин мурдагы чемпиону Хабиб Нурмагомедов менен блогер Хасбулла Магомедов (Хасбик деген ат менен белгилүү) эс алуу учурунда Ысык-Көлдүн жээгинде кайык менен саякатка чыгышты.

Алар Бишкекке 8-августта келишкен.

10-августта Бишкекте «Eagle Fighting Championship» (EFC 49) лигасынын турнири өтүп, анын негизги беттешинде кыргызстандык Бусурманкул Абдибаит уулу орусиялык Расул Магомедовго каршы чемпиондук титулун коргойт. Х.Нурмагомедов анда ардактуу конок болот.

EFC баракчасында спортчулардын кайыкта эс алып жатканы тартылган видео жарыяланды. Блогер Хасбик гидроцикл тээп жүрөт.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE