Пример HTML-страницы

Чаткалга Германиядан 2600 еврого 100 баш уй алып келүүнү көздөп жатышат

Акыркы жанылыктар

TurmushЖалал-Абад облусунун Чаткал районуна Германиядан сүт багытындагы 100 баш уй алынып келет. Бул тууралуу райондун акими Алтынбек Сенирбаев билдирди.

Анын айтымында, учурда малды алып келүү боюнча сүйлөшүү жүрүп жатат.

«Социалдык пакетке түшкөн каражаттардан элге сүт багытындагы мал алдырып, алгач муниципалдык чарба түзөлү деп жатабыз. Адегенде аны жөнгө салып, анан элге сунуштайбыз. Бир күндө 30 литрге чейин сүт берет экен. Бул элге да эң сонун пайдасын берет. Алынып келген малдан түшкөн каражат колдоого муктаждарга берилет», — деди ал.

Маалым болгондой, уйлардын баасы 2600 еврону (учурдагы курс менен 2 млн 516 миң сом) түзөт. Бир жылга кепилдиги менен берилет.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE