Пример HTML-страницы

Чачынын узундугу 1,5 метрге жеткен кара-көлдүк мугалим

Акыркы жанылыктар

TurmushЖалал-Абад облусунун Кара-Көл шаарынын 42 жаштагы тургуну Назгүл Бабаканованын чачынын узунду 1 метр 50 сантиметрди түзөт. Ал Turmush басылмасынын кабарчысы менен болгон маегинде чачын кантип өстүргөнүн айтып берди.

«Илгери кыргызда чач өрүүнүн, чач жаюунун, чач кыркуунун өзүнчө жол-жобосу болгон. «Аялдын көркү чачында» демекчи, мен кичинекей кезимден баштап эле чачымды кырккан жокмун. Себеби ата-энемдин дагы тарбиясы өтө күчтүү эле. Биз үй-бүлөдө 3 уул, 2 кызбыз. Сиңдимдин дагы чачы узун эле. Чачыбызга атам өтө маани берип, «Чачыңарды кыркпагыла» деп айтар эле. Атам биздин чачыбыз менен дагы сыймыктанчу», — деди ал.

Назгүл Бабаканова чачына байланышкан кызыктуу окуялары менен бөлүштү.

«Бир ирет туугандарыбыз той берип калышты. Тойдо тамада узун чачтуу кыздардын сынагын жарыялады. Узун чачтуу кыздар, чоң эжелер дагы катышты. Сынактын жыйынтыгында чачы эң узун деп мени тандап алышты. Ошондо атам аябай кубанып, «Менин кыздарымдын чачы узун экен, силер менен сыймыктанам» дегени эсимде. Бири кем дүйнө демекчи, атамдын көзү өтүп кетти. Ушундай эле бир учур Бишкек шаарында дагы тойдо болду. Тамада узун чачтуулар боюнча оюн уюштуруп калды. Ал тойдон дагы 1-орунду беришкен», — деди Назгүл айым.

Анын айтымында, чачтын узундугу кыздардын сулуулугун, көрктүүлүгүн арттырат.

«Чач аял затынын сымбатын толуктап, ажарын ачат. Чачымдын узундугу 1 метр 50 сантиметрге чейин жетет. Жөнөкөй эле кам көрөм. Чачым өзү аябай кайраттуу. Сиңдим экөөбүзгө апам чачыбызды кырктырбоо керектигин айтып, «Силер Бабакан чоң атаңардын тукумусуңар. Чоң атаңар өтө күчтүү тамырчы, элге таанымал келечекти көрө билген зирек адам болгон» деп атканынан чачыбызды кырктырган жокпуз. Негизи эле Бабакан чоң атамдын кыздарынын чачтары узун болгон. Айрымдары башы ооруп, кыркып коюшкан.

Кыздарыбызга айтарым, чачыңарды кыркпай, өстүргөнгө аракет кылгыла. Себеби кыргыздын кыздарынын чачы узун болушу керек», — деди ал.

Назгүл Бабаканова өзү эмгектенген мектепте «Куурчак театры» ийримин уюштуруп, жетектеп келет.

«Окуучуларды китеп окууга кызыктыруу максатында мектепке куурчак театрын уюштурган элем. Бул ийримде 1-класстан 4-класска чейинки окуучулар тарбияланат. Алар жомокторду, элдик оозеки чыгармалардан аткарышат. Ийримге катышуучу балдар берилген ролдорду өтө кызыгуу менен жогорку чеберчиликте аткарып, кээде образга баш-оту менен кирип кеткен учурлар болот», — деди ал.

Н.Бабаканова 1982-жылы 27-январда Кара-Көл шаарында төрөлгөн. Атасы Абдиласил Бабаканов, апасы Раткан Копокова. 1999-2001-жылдары ЖАМУнун Кара-Көл энергокурулуш техникумуна тапшырып, бухгалтердик эсеп, көзөмөл жана чарба иштерин талдоо адистигин боюнча окуп бүтүргөн. 2014-2018-жылдары ЖАМУнун социалдык-экономикалык билим берүү багыты боюнча тарых бөлүмүн аяктаган.

Шаардагы «Баластан» бала бакчасында тарбиячы болуп эмгектенген. Учурда Ч.Түлөбердиев атындагы №2 жалпы билим берүү инновациялык мектебинде тарбия иштери боюнча директордун орун басары болуп иштеп жатат. Билим берүү тармагында 16 жылдан бери эмгектенет.

Ал мэриянын, Аялдар конгрессинин, облустук усулдук борборунун, Билим берүү жана илим министрлигинин ардак грамоталары менен сыйланган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE