Пример HTML-страницы

Чүйдө 4 айда жөө адамдар катышкан 153 жол кырсык катталды

Акыркы жанылыктар

TurmushЧүй облусунун аймагында 2022-жылы 4 ай ичинде жөө жүргүнчүлөрдүн катышуусу менен 153 жол кырсыгы катталды. Бул тууралуу аймактык кабарчыга Чүй ОИИБ боюнча жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, жол кырсыкка кабылгандардын ичинен 20 адам каза болуп, 142 адам ар кандай жаракат алып, ооруканага кайрылган.

«Чүй облусунун жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан 2022-жылы 4 айдын ичинде Укук бузуулар кодексинин 190-беренесинин (жөө жүрүүчүнүн, велосипедчендин, араба башкаруучунун, мал айдоочулардын жол кыймылынын эрежелерин бузуусу) негизинде жөө жүргүнчүлөргө карата 3192 протокол түзүлдү. Бүгүнкү күндө Бишкек—Ош унаа жолунун 6-чакырымынан 60-чакырымына, тактап айтканда Бишкек шаарынан Кара-Балта шаарына чейин түнкүсүн жол чырактары күйбөгөндүгүнүн кесепетинен жөө жүргүнчүлөрдүн катышуусунда 22 жол кырсыгы катталды. Анын кесепетинен 9 жөө жүргүнчү көз жумуп, 15 адам ооруканаларга ар кандай жаракат менен кайрылды.

Бүгүнкү күндө жарандардын, жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо максатында «Жөө жүргүнчү» аталышындагы иш-мерчеми түзүлүп, рейддик иш-чаралар Чүй облусунун аймагында өткөрүлүүдө», — деп айтылат маалыматта.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE