Пример HTML-страницы

Бишкек шаарынын 48 жаштагы тургуну Кубан Жумабеков изделип жатат

Акыркы жанылыктар

TurmushБишкек шаарынын 1974-жылы туулган тургуну Кубан Жумабеков изделип жатат. Бул тууралуу анын туугандары билдиришти.

Маалыматка караганда, ал 2022-жылдын 18-октябрында Бишкектеги үйүнөн чыгып кеткен бойдон дайынсыз болууда. Туугандары аны Ош, Жалал-Абад облустарына кетиши мүмкүн деп болжолдоп жатышат. Учурда анын жүргөн жерин аныктоого мүмкүн болбой жаткандыгына байланыштуу, туугандары аны табууга коомчулуктан жардам сурайт.

Белгилери: Бою 179 см, салмагы 100 кг чамасында. Көзү-кашы, чачы кара, толугураак дене түзүлүштө. Тамекини көп чегет.

Кийген кийимдери: Кара куртка, футболка, кара жинсы шым, «Адидас» үлгүсүндөгү спорттук бут кийим.

Кубан Жумабеков тууралуу маалымат билгендер «102» кызматы, 0703 643 909 номуруна же бир тууган эжеси Чынара Жумабековага 0555 330 294 (WhatsApp) телефон номурлары аркылуу кабарласа болот.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE