Пример HTML-страницы

Бишкек—Ош жолунда ири кырсык катталып, айдоочу жеринде мерт кетти

Акыркы жанылыктар

TurmushБишкек—Ош унаа жолунда жеңил унаа менен водовоз сүзүшүп, айдоочу жеринде мерт кетти. Бул тууралуу Turmush басылмасына окуянын күбөлөрү билдиришти.

Маалыматка караганда, жол транспорт кырсыгы бүгүн, 18-апрель күнү саат 16:00 чамасында орун алган.

«Унаа кырсык Бишкек—Ош унаа жолунун Сузак районунун Сампа тилкесинде орун алган. Анда “Тойота Авенсис” үлгүсүндөгү унаа негизги жолго чыкканда, Ош багытын көздөй бара жаткан водовоз токтой албай келип сүзгөн. Кырсыктын кесепетинен айдоочу окуя болгон жерде мерт кетип, жүргүнчү оорууканага жеткирилди», — деди окуянын күбөсү.

Сузак аймактык бейтапканасынын жандандыруу бөлүмүнө 67 жаштагы бейтап түшкөн. Дарыгерлео анын абалын орто оор деп баалашууда.

«Жол кырсыктан жараат алган 67 жаштагы эркек киши 16:20 чамасында бейтапканага жеткирилди. Ал 67 жаштагы Базар-Коргон районунун Арстанбап айылынын тургуну экен. Бейтап ушул тапта жандандыруу бөлүмүндө жатат, анын кабыргалары сынып, баш мээси чайкалып травматикалык шок абалда келди. Азыркы тапта анын абалы орто оор деп бааланууда. Водовоздун айдоочусу сынык-жаракат бөлүмүндө алгачкы медициналык жардам алууда. Ал эми мерт кеткен жеңил унаанын айдоочусу тууралуу маалымат жок. Бирок анын сөөгү милиция кызматкерлерине өткөрүлүп берилип, Жалал-Абад облустук бейтапканасынын өлүкканасына жеткирилиптир», — деди жандандыруу бөлүмүнүн башчысы Улукбек Аданов.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE