Пример HTML-страницы

Базар-Коргон шаарында жер тилке жеке менчикке мыйзамсыз берилип кеткени аныкталды

Акыркы жанылыктар

TurmushБазар-Коргон районунда 0,60 гектар жер мыйзамсыз жеке менчикке берилип кеткени аныкталды. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинин Жерди жана сууну көзөмөлдөө боюнча кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, Башкы прокуратура менен макулдашылган планга ылайык Жерди жана сууну көзөмөлдөө боюнча кызматтын Жалал-Абад аймактар аралык башкармалыгы тарабынан Базар-Коргон шаарынын мэриясына жана мэриянын алдындагы мамлекеттик менчикти башкаруу департаментине текшерүү жүргүзүлдү. Натыйжада мэрия КРнын 2013-жылдын 15-июлундагы «Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндө» мыйзамын сактабай, бир канча жарандарга жер тилкелерин турак жай курууга, ошондой эле өкмөттүн 2011-жылдын 11-сентябрындагы №571 токтому менен бекилген жобонун талаптарын аткарбай, тактап айтканда шаардын балансына албай туруп, 0,60 гектар жер тилкелерин курулуш куруу максатында жеке менчикке берип жибергени аныкталды.

Ал эм Базар-Коргон шаардык мэриянын алдындагы Мамлекеттик менчикти башкаруу департаменти боюнча мэрия тарабынан чыгарылган буйрукка ылайык, муниципалдык менчикте турган жер участокторуна менчик же ижара укугун берүү комиссиясы тарабынан, өкмөттүн 2011-жылдын 11-сентябрындагы №571 токтому менен бекилген жобонун түз сатуу келишимин негиз кылып, бир канча гектар жер тилкелерин, көз карандысыз баалоочуга төмөн баалатып сатууга чыгарышкан. Натыйжада жогоруда көрсөтүлгөн мыйзам бузуу фактылары аныкталып, мыйзам чегинде чара көрүү үчүн УКМКнын Жалал-Абад облустук башкармалыгына өткөрүлүп берилди.

Жерди жана сууну көзөмөлдөө боюнча кызмат тарабынан 2024-жылдын 1-кварталында жалпы 167 текшерүү жүрүп, укук коргоо органдарына 16 материал, ал эми сотко 64 материал өткөрүлүп берилди.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE