Пример HTML-страницы

Баткенге өрт өчүрүүчү жаңы унаалар алынды

Акыркы жанылыктар

TurmushБүгүн, 14-мартта ӨКМдин Баткен облусу боюнча башкармалыгынын түзүмдүк бөлүмдөрүнө 10 «Хово», 4 «Камаз» өрт өчүрүүчү унаа жана «Хово» үлгүсүндөгү авариялык-куткаруу унаасы тапшырылды.

Маалым болгондой, аларды тапшыруу аземине президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев катышты. Облус аймагындагы өрт кырсыгын алдын алуу максатында алынып келген техникалар облус элине кызмат көрсөтө баштайт.

ӨКМдин Баткен облусу боюнча башкармалыгына өткөн жылы да өрт өчүрүүчү 4 унаа алынган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE