Пример HTML-страницы

Баткенде Жогорку Кеңештин депутатын шайлоодо милиционерлер күчөтүлгөн тартипте иштейт

Кыргыз спорт жанылыктары

TurmushБаткен ОИИБдин кызматкерлери Жогорку Кеңешин депутаттарын шайлоо боюнча №2 шайлоо округу боюнча жер-жерлерге бөлүндү. Бул тууралуу түзүмдүн басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, Жогорку Кеңештин депутаттарын бир мандаттуу шайлоо округу боюнча мөөнөтүнөн мурда шайлоону даярдоо жана өткөрүү мезгилинде коомдук тартипти сактоо жана коопсуздукту камсыздоо максатында Баткен ОИИБдин жетекчиси Улан Жукеновдун атайын буйругу чыккан. Анын негизинде милиция кызматкерлери жер-жерлердеги шайлоо участкаларына бөлүндү. Аларга мыйзамдуулукту сактоо, коомдук тартипти көзөмөлдөө, ал жердеги санитардык эрежелердин нормаларынын сакталышын көзөмөлдөө жагы боюнча атайын нускамалар берилди.

№2 шайлоо округу боюнча жалпысынан 81 шайлоо тилкесине 300гө жакын милиция кызматкери күчөтүлгөн тартипте иш алып барып, коомдук тартипти сактоо менен бирге шайлоо баракчаларын кайтарат. Милиционерлер Баткен облусундагы бир мандаттуу шайлоо боюнча 26-апрелден 28-апрелге чейинки аралыкта күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөйт.

  • №2 Баткен шайлоо округу, №9 Кара-Суу шайлоо округу жана №7 Ош шайлоо округу боюнча мөөнөтүнөн мурда шайлоо 28-апрелге белгиленген.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE