Пример HTML-страницы

Баткенде Калкты тейлөө борборуна келгендердин көптүгүнөн кезек 2-3 күндө араң жетип жатат

Акыркы жанылыктар

TurmushБаткен шаарындагы калкты тейлөө мекемесине кайрылгандардын көптүгүнөн кезек 2-3 күндө араң жетип жатат. Бул тууралуу жергиликтүү тургундар билдиришти.

Алардын айтымында, кезектин көптүгүнөн айрымдардын жумуштары калып, балалуу аялдар кыйналып жатат.

«Жөлөк пул алалы деп кагаздарды топтоп жүрсөм документте жылым туура эмес жазылып калыптыр. Аны оңдотуп алайын десем кезек көп. Балам жаш, үйдө оорукчан энем бар. Энемди тамак-ашын берип карашым керек. Балам менен кезекте күтүп турууга аргасыз болуп жатам. Буга чейин бул жактан айыл өкмөттөн бүтөт деп жиберишкен. Айыл өкмөткө барсам, алар «биз оңдой албайбыз» деп кайра борборго жиберишти»-дейт Баткен районунун тургуну Аскарбек кызы Наргиза.

Баткендеги калкты тейлөө борборунун бөлүм башчысы Уулкыз Омошеванын айтымында, мындай көрүнүштүн себеби — билим берүүдөгү санариптештирүү программасы. Анткени ар бир окууга аттанган балдарды каттоо милдети да калкты тейлөө борборуна жүктөлгөн.

«Бизде негизи мурда кезек күткөндөр көп болчу. Кийин райондогу 9 айыл өкмөттүн жетисине биз кээ бир укуктарды бергенбиз. Мисалы сүйүнчү пул, күбөлүк берүү, паспорт, нике күбөлүгү сыяктууларды тейлөө айыл өкмөттөрдө иштеп баштады. Мында айыл өкмөттөн кызматкерлер атайын окутуулардан өтүшкөн. 1-марттан тарта иштеп башташкан эле. Бирок азыр кайра санариптештирүү деп, мектепке, бала бакчага киргизүү электрондук тартипте жүрүп жатат. Калктын каттоосу бизде болгондуктан окуучуларды да каттоого алуу биздин милдетке кирди. Ушунун айынан кезек күткөндөр болуп жатат», — деди ал.

Учурда Баткен шаарындагы калкты тейлөө мекемесинде 10 кызматкер иштейт.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE