Пример HTML-страницы

Баары кымбаттап жатканда Ошто тоок менен үндүктүн баасы арзандады. Себеби эмнеде?

Акыркы жанылыктар

TurmushОш шаарында тоок жана үндүк сатылган атайын жай бар. Анда тооктун бардык түрү сатылат. Бул жерде тооктун жана үндүктүн баасы арзандаганын аймактык кабарчы билдирди.

Сатуучу Алманбеттин айтымында, акыркы учурда жергиликтүүлөр үй канаттууларын азыраак багып калышты. Себеби жемдин баасы кымбат болууда.

«Азыр баары эле кымбаттап жатпайбы. Базарда жемдин баасы да былтыркы жылкыга салыштырмалуу бир топ кымбат. Мындан улам көп адамдар үй канаттууларын багуудан баш тартууда. Ошондой эле атайын багып, түйшүгүнө чыдап, семиртип саткандар да бар. Базарда кайсы гана жаныбар болбосун семизи кымбат бааланат. Ошол сыяктуу эле тооктордун да багылганы кымбат болот», — деди ал.

Базарда эт багытындагы тооктор көп сатылат. Алардын баасы 400-1000 сомго чейин жетип, салмагы 3 килограммдан ашат. Ал эми үндүктүн ургаачылары 1500 сом болсо, короздору 3 миң сомго чейин жетип, 6-7 кг эт берет. Өрдөктөрдүн чоңдору 600-700 сомго бааланууда.

Ош шаарынын тургуну Акималы Шарипов: «Тооктордун баасы салмагына жараша болот. Эң арзаны 200 сомдон 1000 сомго чейин жетет. Буларды Ноокаттан, Аравандан алып, арыгын семиртип сатабыз. Мурункуга салыштырмалуу арзандап калды. Мындан сырткары үйдө дагы тоок багабыз. Ошондой эле үндүктөрдү сатабыз. Алар 6-7 кг таза эт берет. Баасы 1500 сомдон 3000 миң сомго чейин жетет», — деди.

2021-жылы ушул эле базарда үндүктөр 2000 сомдон 5000 миң сомго чейин бааланган. Ал эми 2020-жылы 1000 сомдон 2000 сомго чейин сатылган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE