Пример HTML-страницы

Ат-башылык мугалим Г.Турганбаева «Биринчи мугалим» сынагында жеңүүчү аталды

Акыркы жанылыктар

TurmushАт-Башы районунун Ача-Кайыңды айылындагы Ой-Терскен орто мектебинин башталгыч класстарынын мугалими Гүлүмкан Турганбаева «Биринчи мугалим» республикалык сынагына катышып, жеңүүчү аталды. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Каарманыбыз бул сынакка Ат-Башы районунан алтынчы жолу катышып жатат.

«Алты жылда 6 темада дилбаян жаздым. Быйылкы жылы “Айылдагы заманбап маданият үйү” деген тема болду. Жалпы 100 дилбаяндын 66сы жарактуу деп сынакка кабыл алынды. Биринчи турда эң жогорку упай алган 8 мугалимдин дилбаяны финалга чыкты. Экинчи турда 2 тапшырма берилип, 8 мугалим ат салыштык. Жыйынтыгында 3 мугалим жеңүүчү деп табылды. Баарыбыздын упай бирдей болуп чыкты. Буга чейин жазган дилбаянымда дагы алдыңкы орунга илинип, ардак грамота жана баалуу сыйлыктар менен сыйланып келгем. Мында “Биринчи мугалим” сынагынын лауреаты» деген наам, диплом жана китептерди белекке алдым. Эң башкысы классымдагы 32 окуучум менен Бишкек шаарына 3 күндүк маданий маалымат арттыруучу экскурцияга жолдомо алдым. Буюрса каникулда барабыз. Окуучуларым өзгөчө сүйүнүп жатышат.

Бул сынакка даярдануу жеңил болгон жок. 4 мүнөттө дилбаянда жазылгандарды камтып оюңду түшүндүрүп, көркөмдүүлүгү менен айтып беришибиз керек болчу. Экинчи тапшырмада болсо, «Менин акыркы бүтүргөн классымдын эсинде калганы” деген темада болчу. Алар боюнча айттым», — деди ал.

Мугалим бул сынакка даярдануу үчүн аз гана уктаганын айтат.

«Эки тапшырманы тең жогорку деңгээлде аткарууга аракет кылдым. Бул сынакка даярданып жатып уктаган жокмун. Мүмкүн болушунча жакшы даярданууга аракет кылып, анын акыбети кайтып, жеңишке жетип, окуучуларымды сүйүнтүп отурганыма сыймыктанам. Бул сынак башка сынактардан айырмаланып турат. Анткени, эч кандай акчаң коробойт, акы төлөнбөгөн сынак. Мисалы, көп сынакка акча төлөнүп жатпайбы. Экинчиден бардык иштери кылдаттык менен таза текшерилет. Дагы өзгөчөлөнгөнү — бир гана мугалимдик багытка багытталат.

Бул сынакка катышуу менен мен чыгармачылыгымды өркүндөтүп, ар тараптан өнүгүп, жан дүйнөмдү байыттым. Ошол эле учурда бул республикалык сынак болгондуктан республиканын булуң-бурчунан келген мугалимдер менен таанышып, баарлашып тажрыйба алмаштык. Албетте бул сынактын өзү мен үчүн, окуучуларым үчүн жетишкендик болду», — деди ал.

Гүлүмкан Турганбаеванын дилбаяны айыл өкмөт тарабынан долбоордун жазылышына түрткү берген.

«Бул дилбаяндын темасы “Айылдык заманбап маданият үйү” деп аталып жатат. Так биздин айылдын көңүл чордонундагы маселенин үстүнөн чыгып жатат. Айылыбызга заманбап маданият үйү курулса деген тилек менен долбоор сыяктуу жазгам. Кыялымдагы 2 кабаттуу заманбап үйү курулуп, анда Шайлообек агайдын иш-чарасы өтүп жаткан учурун жазгам. Дилбаянды айыл өкмөткө тааныштырып, «чын эле биздин айылга ушундай маданият үйүн курса болобу, силердин иш-планда барбы?» деп талкуу жүргүзгөнбүз. Чынында айыл өкмөт башчы Адилет Жумалиев дилбаянды жактырып, «түрткү берди» деп долбоор жазып, анан Маданият министрлигине сунуштап, учурда жообун күтүп жатышкан экен. Менин дилбаянымдын таасири тийгенин айтты. Бул дагы менин жетишкендигим», — деди мугалим.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE