Пример HTML-страницы

Алтын тоюн белгилеп жаткан жубайлар 50 жыл мурун конокторду кантип тосконун айтып беришти

Акыркы жанылыктар

TurmushЧүй облусунун Кемин районуна караштуу Чым-Коргон айылынын тургундары — Дүйшөнбек Нураков менен Дамира Нуракованын бирге түтүн булатып келе жаткандарына быйыл 50 жыл болду.

Аймактык кабарчы каармандардын бири — Дамира Нуракова менен таанышты.

«Жолдошум 1951-жылы 29-апрелде Чым-Коргон айылында туулган. Ушул айылда чоӊойду. Кайын атам Базаркул Нураков «Интернат» колхозунда башкарма, кийин Кемин районундагы базарда базарком болуп иштеди. Кайын энем дагы эл кызматында болгон. Жолдошум 3 бир тууган экен. Баарынын көзү өтүп кетти.

Мен болсо 1956-жылы 18-октябрда Кемин районунун Бейшеке айылында туулгам. 6 бир тууган элек. Агамдын көзү өтүп кетти, 5 кыз барбыз», — деди ал.

Дамира Нуракова 17 жашында Дүйшөнбек ата менен таанышкан.

«Ал кезде мектепти жаӊы бүткөн кезим эле. 1973-жылдын июлунда алып кетти. Ал кезде азыркыдай шаан-шөкөт, кафе-ресторандан той өткөрүү деген жок. Үйдөгүлөр бир кой союп, боорсок бышырып, элди батага чакырып коюшуптур. Күндүз элден бата алып, кечинде жоро-жолдошторун чакырышты. Ак көйнөк кийип, жолдоштору менен чакан үлпөт той өткөрдүк. Сыртка чыгып, ырдап-бийлеп, андан кийин тарап кетишти. Ошол күндөн бери туура 50 жыл өттү. Кудайга шүгүр, абышкам экөөбүз үлгүлүү үй-бүлөлөрдүн бири болдук.

1 уул, 2 кыз, 11 небере жана 2 чөбөрөлүү болдук. Улуу балам Чым-Коргондогу май куюучу жайда башкаруучу болуп эмгектенсе, эки кызым теӊ айыл өкмөттө кызматкер. Ал эми улуу неберем Бишкекте иштейт, жогорку билимдүү. Андан кийинки неберем учурда Америкада билимин улантып жатат. Андан кийинки эки неберем студент, калгандары мектеп окуучулары», — деди ал.

Жубайлар колхоздон калган гараж менен анын айланасындагы жер тилкесин сатып алып, чарба иштерин жүргүзүп келишет.

«Абышкам дагы тыӊ. Жаны тынбайт. Мен дагы бак-шак отургузуп, дыйканчылык кылганды абдан жакшы көрөм. Бир сөз менен айтканда, биз жашылча-жемишти базардан сатып албайбыз. Баары өзүбүздөн. Бакчабызда шабдалы, алма, алмурут, деги койчу бардык мөмө-жемиштин түрү бар. Малина, карагат, помидор, бадыраӊ, сабиз жана башканын баарын өстүрүп, жыйнап алабыз. Өзүбүздөн артканын элге берип, бир аз сатабыз. Иштесеӊ, тиштейт экенсиӊ. Ушунун баарын жолдошум экөөбүз кыбырап жасай беребиз. Корообуз роза гүлдүн түрүнө толгон», — деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE