Пример HTML-страницы

Алайдын Гүлчө айыл өкмөтүнө жаңы башчы келди. Ал тууралуу эмне белгилүү?

Акыркы жанылыктар

TurmushНурсултан Тажибаев Ош облусунун Алай районунун Гүлчө айыл өкмөтүнүн башчысы болуп дайындалды.

Turmush басылмасына маалым болгондой, тиешелүү буйрукка 2024-жылдын 28-февралында кол коюлду.

Нурсултан Тажибаев буга чейин Жаңы-Алай айыл өкмөтүн жетектеп келген.

Эмгек жолу:

— 2010-2013-жылдары — Ош облустук сотунун административдик жана экономикалык иштер боюнча соттук коллегиясынын сот отурумунун катчысы;

— 2015-2018-жылдары — Жогорку Кеңештин аппаратында консультант;

— 2018-2019-жылдары — «Жапалак» унаа базары» муниципалдык ишканасынын юристи;

— 2019-2020-жылдары — Ысык-Көл облусунун прокуратурасы, Каракол шаарынын прокурорунун жардамчысы;

— 2020-2021-жылдары — Ош шаарынын мэриясына караштуу дене тарбия жана спорт комитетинин юристи;

— 2021-2023-жылдары — Алай районунун Жаңы-Алай айыл өкмөтүнүн башчысы;

— 2023-жылдын 6-декабрынан 2024-жылдын 28-февралына чейин — «Ош унаабекети» муниципалдык ишканасынын директору.

—————————————-

Административдик-аймактык реформанын алкагында Алай районунда 12 айыл аймак ирилештирилип, 7 айыл аймак түзүлдү.

  • Алай районундагы административдик-аймактык реформа тууралуу бул шилтемеден окуңуз.

Гүлчө айыл аймагынын курамына Будалык айыл аймагы кошулуп, борбору болуп Гүлчө айылы тандалды. Будалык айыл аймактагы чакан, калкынын саны аз. Райондун борбору болгон Гүлчө айыл аймагына кошулууга жергиликтүү тургундар жана жергиликтүү кеңештер макул болушкан.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE