Пример HTML-страницы

Ала-Букадагы жаңы түзүлгөн айыл өкмөттөрдүн башчылары. Алар кимдер?

Акыркы жанылыктар

TurmushЖалал-Абад облусунун Ала-Бука районунда административдик-аймактык реформадан кийин 8 айыл аймак 4 айыл аймакка кыскарды.

Turmush басылмасынын кабарчысы тактаган маалымат боюнча, бириктирилген 3 айыл өкмөт башчылары иштеп башталды. Ал эми 1-май айыл аймагынын аталышы Айры-Там болуп өзгөрдү.

Ала-Бука айыл өкмөтүнө Өрүктү, Балтагулов айыл өкмөттөрү бирикти. Айыл өкмөт башчысы болуп Азимов Абдибаит Усенбаевич дайындалды.

Абдибаит Азимов Кыргыз айыл чарба институтун аяктап, экономист-менеджер кесибине ээ болгон. Ошондой эле Кыргыз Республикасынын Президентинин алдындагы башкаруу академиясын кошумча бүтүргөн.

Эмгек жолун Көк-Таш айыл өкмөтүндө салык инспектору, экономист-статист жана финансы-экономикалык бөлүмдүн башчысы болуп баштаган. Андан соң Финансы министрлигине караштуу Экономиканы өнүктүрүү мамлекеттик фондунда адис, жетектөөчү адис жана башкы адис кызматтарын аркалап, Бюджеттик кредиттерди башкаруу боюнча мамлекеттик агенттиктин Ош облустук регионалдык бөлүмүнүн башчысы, Бюджеттик кредиттерди башкаруу боюнча мамлекеттик агенттиктин агро өнөр жай комплексинде бөлүм башчысы кызматтарында иштеген.

2021-жылдын 17-июнунан баштап Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районуна караштуу Көк-Таш айыл өкмөтүнүн башчысы болуп эмгектенип жаткан.

Мамлекеттик жана жарандык кызматтын 3-класстагы кеңешчиси.

Ак-Там жана Ак-Коргон айыл аймактарын ирилештирүүнүн негизинде Төрөгелди Балтагулов айыл аймагы түзүлүп, Кийикбаев Рустам Нарпаевич айыл өкмөт башчысы болуп дайындалды.

Рустам Кийикбаев 2018-жылдан бери Өрүктү айыл өкмөтүн жетектеп келген.

Көк-Таш, Көк-Серек айыл аймактары биригип, Ынтымак айыл аймагы түзүлдү. Назарбеков Байыш Маданбекович айыл өкмөт башчысы болуп дайындалды.

Ал 2021-жылдын июнь айынан бери Т.Балтагулов айыл өкмөтүнүн башчысы болуп иштеп жаткан.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE