Пример HTML-страницы

Аксыдагы тургун жолугушууга баргандан кийин 95 баш эчкисинен кол жууган

Акыркы жанылыктар

TurmushЖалал-Абад облусунун Аксы районунда ири өлчөмдөгү алдамчылыкка айыпталган тургун жазадан бошотулду.

Айыпталуучу Батыр (аты өзгөртүлдү, Б.Ж.Ж.) Жалал-Абад облусунун Аксы районунда туулган, орто билимдүү, бойдок, мурда соттолгон эмес, убактылуу иштебейт.

Ага Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренесинин 2-бөлүгүнүн 1-пункту (олутту өлчөмдөгү алдамчылык) менен айып тагылган. Бөгөт коюу чарасы катары камак түрү тандалган.

Тергөө органдарынын маалыматы боюнча, Батыр 2023-жылдын 18-сентябрында саат 14:00 чамаларында Аксы районуна караштуу Кербен шаарында жергиликтүү тургун Насир (аты өзгөртүлдү, Ж.Н.) менен анын 95 баш эчкисин алдоо жолу менен ээлеп алуу максатында жолуккан. Ал эчкилердин ар бирин 6000 сомдон жалпы 570 000 сомго баалап, акчаны үч айдын ичинде, тактап айтканда 2023-жылдын 20-ноябрында берүүнү убадалап, алып кеткен. Эчкилерди Аксы районунун Жаңы-Жол айыл аймагына алып барып сатып, ал акча каражаттарын өзүнүн кызыкчылыктарына колдонгон.

Соттук отурумда жабырлануучу Насир жазуу түрүндөгү өтүнүч (тосмо арыз) менен кайрылып, анда бүгүнкү күндө келтирилген зыянды толугу менен айыпталуучу тарабынан кайтарылып, ордуна коюлгандыктан айыпталуучу менен өз-ара келишип, жарашуу келишимин түзүшкөндүгүн, жеке ачык айыптоодон баш тартарын билдирди. Ал айыпталуучуну кылмыш-жаза жоопкерчилигинен бошотуп, кылмыш ишти кыскартып берүүнү суранды.

Айыпталуучу Батыр жабырлануучунун өтүнүчүн колдоп, жабырлануучуга материалдык зыяндын баары төлөнүп берилгендигин, жабырлануучу менен элдешүү тууралуу келишим түзүшкөндүгүн көрсөтүп, кылмыш ишин кыскартып берүүнү сурады.

Жыйынтыгында Аксы райондук сотунун 2024-жылдын 23-январындагы токтому менен айыпталуучу Батыр жабырлануучу менен жарашууга жетишкендигине жана жабырлануучу жеке ачык айыптоону колдоодон баш тарткандыгына байланыштуу Кылмыш-жаза кодексинин 57-беренесинин (жабырлануучу менен бүтүмгө жетишкенде кылмыш-жаза жоопкерчилигинен бошотуу) 1-бөлүгүнө ылайык кылмыш-жаза жоопкерчилигинен бошотулду.

Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин 27-беренесинин (кылмыш-жаза сот өндүрүшүн жокко чыгаруучу жагдайлар) 1-бөлүгүнүн 13-пунктунун негизинде кылмыш иш өндүрүштөн кыскартылды.

Айыпталуучу Батыр сот залынан бошотулду.

  • Иштин материалдары Жогорку соттун сайтындагы соттук чечимдердин жана актылардын маалыматтар базасында жарыяланды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE