Пример HTML-страницы

Аксыда талаага алып барчу жолдун тардыгы дыйкандарды убайымга салууда (видео)

Акыркы жанылыктар

TurmushАксы районундагы талаага алып барчу жолдун тардыгы дыйкандарды убайымга салууда. Бул тууралуу жергиликтүү тургундар билдиришти.

Алардын айтымында, райондун Үч-Коргон айыл аймагындагы Дүкүр участкасында эрте жазда ички канал тазаланып, андан чыккан топурак жол четине ташталган. Мындан улам жол тар болуп, жергиликтүү дыйкандарга түйшүк болууда. Айыл туругуну Аваз Медетовдун аталган участкада 2 гектарга жакын жери бар. Элеттик дыйкан мында дарбыз өстүрүп, малга тоют катары беде эккен. Ал 1 ай аралыгында беде орум башталарын айтып, бирок жолдун тардыгынан комбайн үлүш жерге кире албастыгын айтты.

«Март айынын аягында ички каналдар Суу пайдалануучулар ассоциациясы тарабынан тазаланды. Ошол учурда биз жер айдатып жүрүп, каналдан чыккан шиленди, ылайды жол жээгине таштап жаткан жумушчуларга тазалап кетүү керектигин айтсак, тазаланат деп жумушун жасаган. Андан бери дээрлик 2 айдай убакыт өттү, тазалана элек. Өзү талаага алып барчу жол тегиз эмес. Эми минтип тар да болуп калды. Азыр жолдун туурасы 2 метр чыкса чыгат, болбосо жок. Кечээ жер айдаганы келген трактор жолго батпай, жол жээгинде токтоп турган унааны сүзүп, жок жерден чыгымга учурады. Ошондон бери биздин участкага оор техникалар кирбей жатат. Алдыда беденин биринчи оруму башталат. 2 метр жолго беде орчу комбайндын таманы батпайт деп алар да келбей жатышат. Бул маселе боюнча айыл өкмөт башчыга кайрылганбыз, бирок майнап жок. Айыл өкмөттө жайыт комитетине тиешелүү болгон «погрузчик», «Хово» сыяктуу оор техникалары бар. Ошолор менен заматта маселени чечип коюшса болмок. Адистердин өз ишине кайдыгерлигинен улам дыйкандар убайымга түшүп жатат», — деди ал.

Үч-Коргон айыл өкмөтүнүн башчысы Мамаысак Жапаров бул маселе боюнча кабары жок экенин айтып, бирок каналдан чыккан таштандыны тазалап кетүү Суу пайдалануучулар ассоциациясынын милдети экенин кошумчалады.

«Чындыгында дыйкандарга суу жеткирүү боюнча ички каналдар тазаланып, суу жеткирүүнүн үстүндө иштер жасалып жатат. Бирок жолдун тардыгынан улам маселе жаралып жатканы боюнча кабарым жок болчу. Каналды тазалаган Суу пайдалануучулар ассоциациясынын кызматкерлери өзүндө бар техникалар менен таштандыны тазалап кетиши керек болчу. Бул маселени күн тартибине чыгарып, техникалардын күйүүчү майын карап, маселени жайгарууга аракет көрүлөт», — деди ал.

Үч-Коргон айыл аймагында 3997 гектар сулу эгилген аянт бар. Анын 3145 гектары үлүш жер, 558 гектары мамлекеттик фонддун жери. 9 гектар узак жылдык бак аянты, 285 гектар чарбак жер бар.

Буга чейин суунун тартыштыгынан улам талаага эккен көчөттөрү куурап жаткан үч-коргондук дыйкандар тууралуу маалымат жарыяланган болчу.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE