Пример HTML-страницы

Ак-Талаанын кызы Назира Молдобаева «Smart School» жеке мектебин негиздеп, 200дөй балага билим берип жатат

Акыркы жанылыктар

TurmushНарын облусунун Ак-Талаа районундагы Кара-Бүргөн айылынын тургуну Назира Молдобаева Бишкекте жеке менчик мектебин ачып, билим берүү тармагында ийгиликтерди жаратып келүүдө. Аны менен аймактык кабарчы маектешти.

Молдобаева Назира Молдобаевна 1985-жылы 13-апрелде Кара-Бүргөн айылында кызматкердин үй-бүлөсүндө туулган. 1993-2003-жылдары аталган айылдагы Молдобасан (азыркы Мукаш Базаркулов) атындагы орто мектебинде окуган. 2003-2008-жылдары Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин философия жана мамлекеттик башкаруу бөлүмүндө билим алган. Андан соң, 2008-2010-жылдары аталган окуу жайдын социалдык философия бөлүмүнүн магистратурасында, 2010-2011-жылдары Улуттук илимдер академиясынын социалдык философия багыты боюнча аспирантурасында билимин жогорулаткан. 2008-жылы Ишеналы Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде эмгек жолун баштаган. Учурда өзү негиздеген «Smart School» окуу-тарбия комплексини директору болуп эмгектенет.

— Назира айым, жеке мектеп ачууңузга эмне себеп болду?

— Менчик мектеп ачуума кызым себепкер болгон. 2019-жылдын январь айында кызымды менчик мектепке киргизүү үчүн жеке менчик жана мамлекеттик мектептерди кыдырып калдым. Мамлекеттик мектептерге киргизейин десем менин ишиме ыңгайсыз болуп калды. Анткени, мен эртеден кечке иште болом. Кызымды эртең менен сабакка алып барып, түштө кайра алып кетишим керек экен. Караганга киши жок, үй тапшырмаларын бирге аткарганга дагы убакытым жок дегендей… Ошонун негизинде жеке мектеп издеп калдым. Жеке мектептерде эртеден кечке чейин болот. Мектептен 3 маал тамагын, билимин берет дегендей… Бир катар жакшы жеке мектептерди көрүп, «мен деле жеке мектеп ачсам болбойбу? Өзүм 15 жылдан бери билим берүү тармагында иштеп жүрсөм» деп ойлонуп калдым. Февраль айына чейин оюмду толуктап, бышырып, март айында пландарымды түзүп алып, 2019-жылдын июнь айында жеке мектебимди ачууга жетише алдым.

— Мектепти ачууда бир топ кыйынчылыктар жаралса керек?

— Ооба. Мектеп ачуу көптөгөн убакытты, мээнетти, нервди, акча каражатты талап кылды. Көптөгөн мыйзамдар, нормативдик актылардын негизинде документ жана башка тиешелүү иш-кагаздарын бүткөрүү иштери кыйынчылык менен коштолду. Ошондой эле, акча каражат табуу зарылчылыгы биринчи орунда болду. Ошол убакта колледжде чогуу иштеп жүргөн эки курбума биргеликте ачалы деп сунуш кылдым. Алар макул болуп, башында үчөөбүз ачтык. Кийин эки кыздын мектепти ачууга сарптаган акчаларын мен төлөп берип, мектепти биротоло менчигиме чыгарып алдым. Эми жеке мектеп ачуунун кыйынчылыгын мектеп ачкан адам гана түшүнө алат. Негизги маселем — шаар жергесинде мектепке ылайыктуу имарат куруу миллиондогон долларды талап кылат. Ошондуктан, имаратты ижарага алууга туура келди.

— Мектебиңизде кайсы предметтер боюнча билим берилет жана мамлекеттик стандартта билим берилеби?

— Мектепте билим берүү мамлекеттик стандартта толук кандуу жүргүзүлөт. Окуу планын Билим берүү жана илим министрлигинен бекитип алып окутабыз. Бирок, мамлекеттин окуу планы биздин эмгектин жарымын гана түзөт. Анткени, биз эки багыт менен окутабыз. Биринчи багытыбыз тил багыты. Күн сайын балдар англис тилин үйрөнүшөт. Жергиликтүү англис тил мугалими грамматикадан сабак берсе, Америкадан келген мистер Боб практикалык сабак өтөт. Андан сырткары, 5-класстан жогорку окуучулар кытай тилинде окушат.

Экинчиси — математикалык жана технологиялык багыт. Бул сабак балдарга күн сайын өтүлөт. Мындан тышкары, жумасына шахмат оюнун ойношот. Шахмат ойноодон балдар ой жүгүртүү жөндөмдүүлүгүнө ээ болушат.

Ошондой эле, Билим берүү министрлиги жана Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаменти менен биргеликте түзүлгөн тамактын тизмесинин негизинде балдарга 3 маал тамак берилет. Биздин артыкчылыгыбыз — бала эмнеге жөндөмдүү, кандай таланты бар экендигине көңүл бурабыз. Таланттуу балдардын талантын ачууга далалат жасайбыз. Бизде комуз ийрими бар. Спортчу окуучуларыбыз менен сыймыктансак болот. Алар республикалык мелдештерде жеңишке жетишип жүрүшөт. Математик окуучуларыбыз бар. Алсак, 2022-жылдын ноябрь айында өткөн эл аралык математикалык олимпиадада 3-класстын окуучусу алтын медаль, 4-класстын окуучусу күмүш медаль алып келсе, дагы эки окуучубуз коло медалдь тагынышты.

— Назира айым, мектебиңиз ачылары менен эле окуучуларга толуп калбаса керек. Дегеле канча орундуу мектеп деп атасак болот?

— Негизи мектепти 100 орун кылып ачканбыз. Бирок шашылыш, чукул арада ачылып калгандыктан, алгачкы жылы 68 бала кабыл алдык. Мыкты педагогдор сабак өтөрүн, сапаттуу билим берилерин бири-биринен уккан шаар тургундары балдарын алып келе башташты. Мектепке балдарды тартуу үчүн андай деле жарнамалаган жокпуз. Болгону, окуу жылы башталар алдында мектепке окуучуларды кабыл алуу башталгандыгы боюнча билдирүүлөрдү таратып коёбуз. Ошентип, кийинки жылдары мектебибиз окуучулар менен толук кандуу толукталып, айрым учурларда андан дагы көп кабыл алууга туура келип жатты. Антсе да, нормадан ашык албаганга аракет кылабыз. Мектептин бирден бир күчтүү инструменти, мотору — бул мугалимдер. Мектепте мугалимдердин 85 пайызы Билим берүү жана илим министрлигинин ардактуу сыйлыктарын алган, күчтүү, таланттуу, гумандуу, адамгерчиликтүү жана тажрыйбалуу мугалимдер эмгектенишет.

— Мектептеги азык-түлүк, окуу куралдары, бор жана башка керектөөлөр, имараттын ижара акысы каяктан каржыланат?

— Мектептин окуу куралдары, азык-түлүк, электр жарыгы жана башка чыгымдын бардыгы мектептин өзүнөн каржыланат. Өзүнөн дегеним, окуучулардын взносунан каржыланат. Жаңы ачылган жылы өзүмдүн жеке каржылоомдо болуп келген. Учурда 200 окуучу окуйт. Келерки окуу жылы 300 окуучу алууну максат кылып жатабыз. Буга чейин башталгыч класстарга гана билим берип келсек, быйылкы окуу жылынан тарта 11-класска чейин билим берүүнү баштайбыз. Бүтүрүүчүлөр күбөлүк ала алышат. Мектепте жалпы 30 адам эмгектенет. Мунун ичинен 25 мугалим, 5 чарба кызматкери эмгектенет.

— Билим берүү системасынын жаңы мыйзамдарын иштеп чыгуу боюнча комиссияга кантип кошулуп калдыңыз?

— Кыргызстандагы балдарга билим берүү уюмдары деген ассоциацияда 50дөн ашык жеке менчик мектептер, бала бакчалар бар. Ошол жактын сунушу менен билим берүү тармагын реформалоо, жаңы багыттарын аныктоо, мыйзамдарын иштеп чыгуу боюнча жумушчу топко кирип калдым. Чындыгында эле биздин билим берүү системабыз бир багытка түшө албай жаткандыгы абдан орчундуу маселе. Бир багытка түшүү үчүн азыркы замандын жашоо агымына, талабына ылайык системаны тандап алуу зарыл. Учурда Жогорку Кеңеште билим берүү тармагындагы жаңы мыйзамдарынын долбоорун иштеп чыгуу боюнча жумушчу топто иштеп жатабыз. Жумушчу топто белгилүү инсандар, мыкты мугалимдер, депутаттар, коомдук уюмдар бар.

— Сиз жыл сайын өзүңүз окуган кичи мекениңиздеги орто мектептин окуучуларына стипендия берип келет деп уктук эле.

— Туура. Кичи мекенимдеги Мукаш Базаркулов атындагы орто мектебинин окуучуларына дем берүү, билим алууга шыктандыруу максатында 2022-жылдан баштап стипендия берип баштадым. Стипендия атам Молдобай Майрыкеев атында жыл сайын алдыңкы 5 окуучуга берилет. Алсак, былтыр жалпы республикалык тестирлөөдөн алдыңкы упай алган 3 окуучуга, ошондой эле англис тил жана тарых сабактарын мыкты өздөштүргөн 9-класстын 2 окуучусуна берилди. Айыл жергесинде болсо дагы биздин балдар дүйнөнү тааный алышса, англис тилин мыкты өздөштүрүүгө аракет кылышса дейм. Ал эми келечек муундун өкүлдөрү ата-бабаларыбыз баскан жолду, кылымдарды карытып келген кыргыз элинин, мекенибиздин өткөн доорун, мезгилин билбей калбасын, баягы тарыхыңды билбей туруп, алдыга карай кадам шилтей албайсың деген ойлор менен тарых сабагы үчүн стипендия чектедим. Стипендия 9-класс жана 11-класстын олимпиадаларда ийгиликке жеткен окуучуларына берилет.

— Билим берүүдө келечекке карай жана жеке жашооңузга алдыга кандай ой-максаттарды койдуңуз?

— Келечекке карай чоң максаттарыбыздын бири — Кыргызстанда билимге сугарылган, өлкөбүздүн өнүгүүсүнө зор салымдарын кошуп, мамлекетибизди дүйнөгө тааныта ала турган мыкты инсандарды чыгаруу болуп саналат. Мисалы, мектепте 500 бала болсо анын дээрлик 80-90 пайызын чыгаан инсандар кылып чыгаруу. Экинчи максатым — «Smart School» окуу тарбия комплексинин филиалын Нарын жергесинде ачуу. Мисалы, Нарын шаарына ачып, элеттеги балдарды ошол мектепте 5 күн окутуп, ошол жерден тамак берип, ошол жерге жаткырып, өзүбүздүн транспорт менен эки күнгө айылдарга, ата-энесине жеткирип турсак деген жакшы тилектерим бар. Үчүнчү максатым — мугалимдердин аброюн эң жогорку деңгээлге көтөрүү болуп саналат. Жогорку Кеңештин депутаттарындай ар бир мугалимге атайын төш белги ыйгаруу керек. Төш белгисин карап, «бул мугалим экен» деп башын ийип салам бергидей деңгээлге алып чыксак деген аруу максаттарды койгом.

— Билим берүү тармагында Кыргызстандын, бизден кийин өсүп келе жаткан муундун келечегин кандай элестете аласыз?

— Билим берүү тармагында өсүп келе жаткан муундун келечегин кең элестетем. Азыркы өсүп келе жаткан муун таланттуу, ийгиликтүү, ой-жүгүртүүлөрү кең болуп өсүп келе жатышат. Анткени, дүйнөдө технологиянын өсүшү абдан маанилүү болуп жаткандыктан, жаштар ошол технология менен кошо өсүп, чоңоюп келе жатышат. Ошондуктан биздин жаштар дагы көптөгөн ийгиликтерге жетишип, жаңы ачылыштарды жасай аларына ишенем. Ошондой билимдүү, илимдүү, сабаттуу муунду тарбиялоого, өстүрүүгө биз дагы салым кошуу аракеттердин үстүндө иш алып баруудабыз. Технология менен жуурулушкан билимдүү, илимдүү, сабаттуу жаштарды өстүрүп чыгуу менен өлкөбүздүн өнүгүшүнө зор таасир бере алабыз деген ойдомун. Өлкөбүздүн жарандары канчалык илимдүү, билимдүү, сабаттуу болсо өлкөбүз дагы ошончолук өсүп-өнүгөт. Арийне, мамлекеттин абалы ошол мамлекетте жашаган адамдардын аң-сезимине, сабаттуулугуна, тарбиясына, илимдүүлүгүнө жана билимдүүлүгүнө жараша болот. Ансыз өлкөнүн өсүп-өнүгүшүн элестетүү кыйын. Кудай буюрса, биздин жаштар дагы илим-билимге кызыккан, жуурулушкан темпте келе жатышат. Демек, биздин өлкөнү жаркын келечек күтүп турат деп эсептейм.Маегиңизге чоң рахмат. Ар дайым ишиңизди ийгиликтер коштой берсин.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE