Пример HTML-страницы

Ак-Талаада «Мыкты келин» сынагынын жеңүүчүлөрү аныкталды. Алар ким?

Акыркы жанылыктар

TurmushНарын облусунун Ак-Талаа районунда «Мыкты келин» сынагы уюштурулуп, жеңүүчүлөр аныкталды. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Ак-Талаа райондук Кайыпбек Султангазиев атындагы маданият үйүнүн директору Курманжан Тиленбаеванын айтымында, сынак жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 95 жылдыгына карата уюштурулган.

Сынактын жүрүшүндө катышуучулар өзүн тааныштыруу, жеке өнөр көргөзүү жана Ч.Айматовдун чыгармаларынан көркөм окуу тапшырмаларын аткарышты.

— Баш байгени Мааданбек Барашов атындагы кесиптик лицейдин мугалими Алтынай Эрнисова;

— 1-орунду Жаңы-Тилек айылынын «Нур-Ал» бала бакчасынын тарбиячысы Баиза Рысбаева;

— 2-орунду Ак-Чий айылдык клубунун башчысы Самара Абдырахманова;

— 3-орунду Байгөнчөк айылдык клубунун башчысы Элзат Аралбаева камсыздады.

Жеңүүчүлөр баалуу белектер жана диплом менен сыйланышты.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE