Пример HTML-страницы

Ак-Талаа районундагы базарда жугуштуу ооруларга каршы эмдөө жүргүзүлдү

Акыркы жанылыктар

TurmushНарын облусунун Ак-Талаа районунда европалык эмдөө жумалыгы өткөрүлүүдө. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Ак-Талаа райондук жалпы дарыгерлер практикалык борборунун ден соолук кабинетинин кызматкери Эркингүл Акматалиеванын айтымында, европалык эмдөө жумалыгынын алкагында Гепатит В жана COVID-19 ооруларына каршы эмдөө жүргүзүлүп жатат.

Бүгүн, 28-апрелде эмдөө иши базарда өткөрүлүп, анын жүрүшүндө аркан тартыш, флешмоб уюштурулду. Анын жеңүүчүлөрүнө акчалай сыйлыктар тапшырылды.

«Бүгүн базарда өткөн эмдөөнүн жыйынтыгында Гепатит В оорусуна каршы 35 адам, COVID-19 илдетине каршы 18 адам, кызамык илдетине каршы 4 бала эмделди. Ошондой эле, СПИД боюнча экспресс-тесттен 44 адам өттү», — деди Э.Акматалиева.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE