Пример HTML-страницы

Ак-Сууда калыбына келтирилген бала бакча пайдаланууга берилди

Акыркы жанылыктар

TurmushЫсык-Көл облусунун Ак-Суу районуна караштуу Жылдыз айылында 60 орундуу бала бакча пайдаланууга берилди. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Маалыматка караганда, бала бакча «Ай-Луна-Муун» деп аталып, 2 тайпага ылайыкташтырылды. Ачылыш аземге район акими Мунарбек Насиров, райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Алтынбек Жапаров, жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү жана айыл эли катышты.

Бала бакчанын имараты 1990-жылы ишке берилип, 2 жылдан кийин Советтер Союзунун таркашы менен өз ишин токтоткон. Андан соң айылдык эмканага жана турак жайга муктаж үй-бүлөлөргө убактылуу берилген. Бала бакчаны калыбына келтирүү үчүн республикалык бюджеттен 1 млн 271 миң сом, өздүк салым 2 млн сом болгон.

«Бала бакчанын оңдолуп ишке берилишин айыл эли сүйүнүү менен кабыл алып жатабыз. Балдарыбыздын келечеги үчүн эң жакшы болду. Бул жерге келип бир нерсе үйрөнөт. Бала бакчага барган бала менен барбагандын айырмасы болот эмеспи. Ак жолтой болуп, ушул жерден эл керегине жараган уул-кыздар чыгышын тилеп жатабыз», — дешет айыл тургундары.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE