Пример HTML-страницы

Ак-Суу районундагы 168 тургунга кызыл китеп тапшырылды

Акыркы жанылыктар

TurmushАк-Суу районунун Челпек жана Ак-Булуң айыл аймагындагы 168 тургунга жер тилкелерине болгон жеке менчик укугу жөнүндө мамлекеттик актылары тапшырылды. Бул тууралуу Ак-Суу райондук администрациясынын аппарат башчысы Адилет Карыпбеков билдирди.

Маалыматка ылайык, Министрлер кабинетинин №291 «Жер мунапысын жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу» токтомунун аткарылышы боюнча бүгүнкү күнгө чейин район боюнча жалпысынан 364 мамлекеттик акт берилди.

Мындан тышкары, Челпек айыл өкмөтүнө 159, Тепке айыл өкмөтүнө 16, Ак-Булуң өкмөтүнө 43 жер тилкелерине болгон жеке менчик укугу жөнүндө мамлекеттик актылары даяр.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE