Пример HTML-страницы

А.Мамасалиева саймалуу кездемелерди даярдап, кыз-келиндерди иш менен камсыз кылып жатат

Акыркы жанылыктар

TurmushБаткен районунун Кара-Бак айылынын 61 жаштагы тургуну Арзыгүл Мамасалиева 15 жылдан бери кечте (саймалардын формасы тигилген кездемелер) сатып соода кылат. Аймактык кабарчы аны менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, анын кездемеге түшүрүлгөн оймо-чиймелерин үйдө отурган кыз-келиндер алып, сайма сайып киреше табышат. Ондон ашуун кызга буйрутма берип, жаздыкка кечте даярдашат. Учурда той сезону болгондуктан буйрутмаларды 1 ай эрте алып, күнүнө 25 миң сомго чейин соода кылууда.

«Бизде кыз берген ар бир эне 1 кишилик жана 2 кишилик жаздык, саймасы, кечтеси менен берет. Таене, чоң энелерибиздин учугун улап, биз да бул өнөрдү аркалап келе жатабыз. 15 жылдан бери кездемеге оймо-чиймелерди түшүрүп, жаздыктарга ылайыктап сатам. Кыш мезгилинде атайын чийилген сайма түшүрүлбөгөн кездемелерди көп алышат. Анткени бош убакыт болуп, аялдар өздөрү тигишет. Азыр эми той сезону болгондуктан, даяр сайма түшүрүлгөндөрүн алып жатышат.

Мен чийилген оймолорду ондон ашуун кыз-келинге берем. Алар ойломолордун ичин толтуруп келишет. Учурда буйрутма 1 ай дегенде даяр болуп жатат. Кыздар да бош эмес. Бир жуп жаздык 20 күндө даяр болот. Бул 1500 сомду түзөт. Кечтенин да кара жорго, оймо, ай кечте, гүлдүү, чавадан, тетири кечте, курак, мончоктуу жана ала мончок деген түрлөрү болот. Бир кызга жок дегенде 4 жуп жаздык берилет. Бааны өзүм коем. Тигип берген кыздардын да акысын берем. Үйдө отурган келиндерге да жакшы жумуш. Азыр күнүнө 25 миң сомго сейин соода кылып жатабыз», — деди ал.

Арзыгүл Мамасалиева 3 уул, 3 кыздын апасы. 17 небереси бар.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE