Пример HTML-страницы

7 баланы тарбиялап, 10 жыл айыл өкмөт башчысы болуп иштеген Акбермет Бакасова

Акыркы жанылыктар

TurmushЧүй облусунун Сокулук районуна караштуу Саз айылынын 69 жаштагы тургуну Акбермет Бакасова Союздун акыркы мезгилдеринде жана эгемен жылдардын башында айылдык советтин төрайымы жана айыл өкмөт башчысы болуп иштеген. 7 баланы тарбиялап өстүргөн баатыр эне аймактык кабарчыга ошол жылдарды эскерди.

Мугалим, андан кийин төрайым

— Талас облусунун Киров районуна караштуу Ак-Чий айылында колхозчунун үй-бүлөсүндө жарык дүйнөгө келдим. Аталган айылдагы мектепти 1970-жылы аяктап, Фрунзедеги В.Маяковский атындагы Кыргыз кыз-келиндер педагогикалык институтунда немис тили боюнча билим алгам. 1975-жылы окууну бүткөн соӊ, Нарын облусунун Тянь-Шань районундагы Жан-Булак орто мектебинде эмгек жолумду баштагам. Ал убакта окууну бүткөндөрдү ошентип алыскы аймактарга жиберчү. Аталган мектепте 1979-жылдын 15-мартына чейин иштеп, турмуш шартыбызга байланыштуу жолдошум экөөбүз Сокулук районунун Октябрь айылына көчүп келип, №2 орто мектепке кирдим. 1982-жылга чейин мугалим, кийин 1987-жылга чейин директордун орун басары болуп эмгектендим. Ал ортодо 1984-жылы коммунисттик партияга мүчө болуп кабыл алындым. 1987-жылы партиянын жолдомосу менен Октябрь айылдык кеңешке төрайым болуп дайындалдым. Октябрь айылдык кеңешине Саз жана Конуш деген айылдар карачу. Айылыбызда завод-фабриканын жоктугунан элдин көбү мал чарба, дыйканчылык менен алектенер эле. Анан райондогу Ленин колхозунун 3-бригадасында эмгектенишчү. Азык-түлүк, эт азыктарын ошол колхоздон алып турчубуз.

70 гектардай алма багыбыз бар эле. Талааларга жашылча-жемиш айдалчу. Анан эле Союз тарап кетти. Көпчүлүк жерде колхоздор чачырап, андагы мал-мүлк элге таратылып жатты. Бирок, биздин айылдын эли колхозду чачыратпай алып кетебиз деген демилгени көтөрүп, «Ынтымак» деген колхозу болуп түзүлдүк. Колхозубузга анча-мынча эски техникалар, 6-7 короо кой (болжол менен 100 баш кой), уй, жылкылар тийди. Бирок, дайындалган бригадирлерибиз ишти алып кете албай калдыбы же заман ошондой болдубу колхоздун иши кыйын учурга туш келди. Негизи Октябрь айылдык совети жайгашкан имарат эски болчу. Ошол кезде өкмөттөн айылдык советтердин эски имараттарына акча бөлүнүп, жаӊылап алуу башталган. Биздин айылдык совет дагы ошол долбоорго туш келди. Менин учурумда курулуш иши башталып, 1988-1987-жылдары 105 миӊ рублге салынды.

Сокулук районундагы алгачкы мечит

— Айылдык советтин имараты курулгандан кийин, райондун биринчи катчысы Турхан Казиев райондогу 20 айылдык советтин башчыларын чогултту. Анда ал Баткендин Лейлек районунда ашар жолу менен мектеп, бала бакча, мечит курулуп жатканын айтып, бизди таанышып келгиле деп жөнөттү. 20 башчы Лейлек районундагы бир топ айылдык советтерди кыдырып, көрүп келдик. Ал жерде үлүш жерлер аз бөлүнөт экен. Мисалы, бир кишиге 7-10 сотых. Бир үй-бүлөдө 10 бала болсо, 70 сотых берилет экен. Аз жерден бир жылда 3 жолу түшүм алып, аябай үнөмдүү пайдалынашат экен. Биз кайра келгенден кийин элге баарын түшүндүрүп айтып бердик. Элдер, ак сакалдар менен кеӊешсек, «биздин айылда мектеп, бала бакча бар, жаштарды ыймандуулукка чакыруу үчүн бир мечит керек» деп айтышты. Анан мечит салуу үчүн ар бир түтүндөн 50 рублдан чогултуп, айылдык советтин эсебенин 5000 рубль, райондон 25 мин рубль жардам которулду. 1989-жылы курулуш башталып, 1992-жылы бүттүк. Сокулук өрөөнү боюнча биринчилерден болуп мечит салган экенбиз. Бүт айылдардан аксакалдар келип катышып, 7-8 боз үй тигилди. Анан бизге караштуу Конуш айылында ФАП жок болчу. Бир чабандын үйүн ижарага алып иштетишчү. Аксакалдар, депутаттар кеӊешип, ошол жылы 20 миӊ рубль менен жаӊы ФАП салынды.

«Байлардан кедейлерге» урааны

— Ошентип 1996-жылы айылдык кеӊеш, айыл өкмөтү болуп түзүлдү. Айылдык совети болуп турганда 3 жолу төрайым болуп, кийин айыл өкмөтү түзүлгөндө 1996-жылдан 2006-жылга чейин айыл өкмөт башчысы болуп дайындалдым. Ошол аралыкта эл кыйналып жашап жаткан. Аз камсыз үй-бүлөлөргө гуманитардык жардам бердик. 2004-жылы «Байлардан кедейлерге» деген ураан алдында колунда бар фермерлер менен сүйлөшүп, аз камсыз үй-бүлөлөргө бирден уй берилди. Алар төлүн алган соӊ, уйду башка үй-бүлөлөргө өткөрүп беришти. Мен жолдошум менен сүйлөшүп, тууй турган 2 эчки сатып алып, томолой жетим балдарга тапшырдык. Аз камсыз, шарты оор үй-бүлөлөрдүн үйүн жаӊылап жасоого же куруп берүүгө дагы чоӊ салым коштук. 2006-жылы аким бизге «айыл өкмөт башчы болуп кимиӊер талапкерлигиӊер коесуӊар?» дегенде, «мен жаштарга орун берейин» деп өз каалоом менен ардактуу эс алууга чыктым.

Үзүрлүү эмгегимди баалап, райондон, облустан, Социалдык коргоо министрлигинен бир топ сыйлык беришти. «Кыргыз айыл чарабысынын мыктысы» төш белгиси, «КРдин ардактуу айымы» наамы, «Муниципалдык кызматтын мыктысы» төш белгиси менен сыйландым.

Азыркы убакта Саз айыл өкмөтүнүн аялдар кеӊешинин төрайымы болуп иштеп, 2-3 комиссиянын мүчөсү болуп, коомдук иштерге катышып жүрөм.

Өмүрлүк жолдош

— Үй-бүлөлүк тыл бекем болсо, баары жакшы болот экен. Абышкам Алтынбек Бакасов менен 50 жылдан бери бирге түтүн булатып, ынтыматку жашап келебиз. Ал 1950-жылы Сокулук районунун Октябрь айылында төрөлгөн. Жаны тынбаган, эмгечил, токтоо, бардык нерсени талдай билген киши. Биз жаӊы баш кошконубузда, ал Октябрь айылдык советинде иштечү. Негизи эле айылдык советте бир топ эле иштептир. Экөөбүз чогуу Нарынга чейин барып иштеп келдик. Ага чейин колхоздо дагы иштептир. Кийин суу тармагында улук техник болуп көп жыл иштеди. Менин мында ийгиликтерге жетишип, көп жыл айылдык советте, кийин айыл өкмөт башчы болуп иштешиме жолдошумдун колдоосу чоӊ болду. Күн-түн болсо дагы, каякка барсак дагы мени дайымы өзүнүн унаасы менен алып барып келчү. Ал кезде көп эле айылдык советтин мамлекеттик унаасы жок болчу. Кайын эне, кайын атамдар эӊ жакшы адамдар болчу. Ичинде кири жок, ак көӊүл эле. Мени келиндей эмес, кызындай көрүшчү. Азыр абышкам 72 жашга чыкты. Экөөбүз небере-чөбөрөнүн бактысына балкып отурабыз.

Экөөбүздүн 3 уул, 4 кыз, 20 небере, 3 чөбөрөбүз бар.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE