Пример HTML-страницы

5-кабаттан секирген кыздар боюнча жаңы жагдайлар

Акыркы жанылыктар

TurmushКечээ, 17-март күнү Ош шаарындагы А.Шакиров көчөсүндө жайгашкан беш кабаттуу үйдүн чатырынан Карл Маркс мектеп-гимназиясынын эки окуучусу боюн таштаган. Учурда Ош шаардык ички иштер башкармалыгы тарабынан иликтөө иштери жүрүп жатат.

Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы окуя болгон жерге барып, күбөлөрдү табууга аракет кылган менен көпчүлүк жашоочулар комментарий берүүдөн качышты. Атын атагысы келбеген жашоочулардын бири көп кабатуу үйлөрдүн үстүн тоспосо, мындай окуя кайталана бере тургандыгын айтып, айыпты квартал башчысына койду.

«Эмнеге чатырларды тосуп коюшпайт? Закон боюнча дагы чатырлар тосулуп жабык турушу керек. Домкомдорду сотко бериш керек. Акча топтоп, кайда жумшашат? Ал эми жанагы кыздар ушул эле аймакта жашашат дейт. Бир ай боло элек, бир окуучу бала да ушул жерден боюн таштап, каза тапкан. Ошонун сүйгөнү экен деп айтып жатышат», — деди ал.

Окуя болгон жерде жүргөн окуучулар чатырга чыга турган жердин кулпусун бузуп чыгып кетишкендигин кошумчалашты.

Карл Маркс мектеп-гимназиясынын директорунун уюштуруу иштери боюнча орун басары Ширингүл Мавлянова эки окуучу кыз тең сабактан мыкты окуган кыздар экендигин, үй-бүлөлөрү толук кандуу, социалдык абалы жакшы экендигин айтып берди.

«Эмне дешти да билбей турабыз. Учурда иликтөө иштери жүрүп жатат. Окуянын чоо-жайы аныкталса, биз да себебин билебиз. Буга чейин бир эмес бир нече жолу түшүндүрүү иштери жүрүп келген. Окуя сабактан сырткары болгон. Акыркы убакта өзгөрүү деле байкалган эмес. Экөө тең эң жакшы окуган кыздар болчу. Бүгүн сабак өтүп, чейрек чыгардым. Маанайлары кадимкидей эле жакшы калышкан.

Толук кандуу үй-бүлөдө мээримге бөлөнүп чоңойгон кыздар. Мектепте психолог бар. Ал ушул класска көп жолу кирген. Ата-энелер чогулушунда да айткан. Мектепте билим гана беребиз, билимин өстүрүү үчүн иштейбиз. Тарбия жагын ата-энелер көзөмөлдөсө, сабактан кийин дароо каякта жүргөнүн сураса. Балдардын ичиндегисин бир уюлдук телефон жана өздөрү билет. Ата-энелерден балдарынын Инстаграмм баракчасын сурасаң билишпейт. Дайыма социалдык тармактарын көзөмөлдөп турушса. Тарбия жагынан ата-энелер менен коомчулук бизге жардам бериш керек», — деди Ш.Мавлянова.

Мугалимдеринин айтымында, экөө тең үйдүн жалгыз кыздары болгон.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE