Пример HTML-страницы

46 жаштагы баатыр эне жасаган шырдактарын Америка менен Германияга сатып жатат

Акыркы жанылыктар

TurmushАт-Башы районунун Казыбек айылынын 46 жаштагы тургуну — кол өнөрчү, баатыр эне Гүлүмкан Жаныбекова чет жактан буйрутма алып, шырдак жасап жатат. Кирешенин бир бөлүгүн түзгөн кол өнөрчүлүк анын жашоосунда чоң ролду ээлейт. Анын кыздары дагы жаш уздар арасында өткөн сынактарга катышып, алдыңкы орундарды ээлеп келишүүдө. Кол өнөрчү менен аймактык кабарчы таанышты.

Гүлүмкан Жаныбекова 1977-жылы Нарын районунун Учкун айылында туулган. Ат-Башы районунун Казыбек айылына келин болуп келген. Жолдошу Бактыбек Абдыкадыров экөө 4 кыз, 4 эркек уулду тарбиялап, 5 неберелүү болууга жетишкен.

«Казыбек айылына келин болуп келгенден тартып эле кол өнөрчүлүк менен алектенип келем. Өзүм кийиз менен иштегенди жакшы көрөм. Кийиздерди колго жасап, өзүм оём. Ушул күнгө чейин бир топ эле шырдак жасадым. Бир айда экиден шырдак бүтүргөн учурларым болот. Америка, Германияга чейин кеткендер болот. Көбүнчө буйрутма аркылуу жасайм. Эң чоң жасаган шырдагым 12 чарчы метр болгон. Ал шырдак Германияга кетти.

Бир кездерде кол өнөрчүлөрдүн эмгектери, кыргыз буюмдары жакшы бааланбай калган. Эми жакшы бааланып келе жатат. Эмгегибиздин акыбети кайтып келе жатат десем болот. Көп эле фестивалдарга катышып келем. 5 жыл катары менен шырдак фестивалына катышып келдим. Казыбек казалчынын 120 жылдык мааракесинде 1-орунду алып келгем», — деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE