Пример HTML-страницы

30 жылдан кийин кайрадан сүрөт тарта баштаган Ш.Мадалиева чет өлкөдө медайым болуп эмгектенет

Акыркы жанылыктар

TurmushБалалыктан искусствого байыр алып, 30 жылдан кийин кыл калемди кайрадан кармап, натюрморт, пейзаж жана башка ар түрдүү көркөм сүрөттөрдү, жагымдуу поэзия саптарын жараткан Шааркан Мадалиева чет өлкөдө медайым болуп эмгектенет. Анын чыгармачылык жолу, жан дүйнөсүндө көркөм сүрөт өнөрүнүн калыптануусу жана жашоосу менен Turmuch басылмасынын кабарчысы таанышты.

«Жашоо деген ар кандай, башка жүгөн салгандай» демекчи, турмуш жолумдун түрдүү кырлары, жазылбаган сырлары камырдай жуурулушуп келет шекилдүү. Мүмкүн өмүрдүн өзөгү, маңызы, күнгөйү менен тескейи дал ушунда белем. Айтор, балалык кезимде эле негедир көркөм сүрөт өнөрүнө байырладым. Анда чет өлкөдөн сүрөтчүлүк окуу жайында окуу түшүмө да кирбептир. Өзүмчө эле сүрөт тарта берчүмүн. Эсимде, балалык чакта жолдо кетип баратып да токтой калып, сөөмөйүм менен жер бетиндеги топуракка сүрөт тарта кетчүмүн. Кимдир бирөө көрүп калчудай аны кайрадан өчүрө салып, ала торпогумду кубалап, үйгө тарапка жөнөйт элем. Бирок, ал сүрөттү мен жана Жер эне гана билчү. Азыр ойлоп кетем да. Ошондо эмненин сүрөтүн тарттым болду экен? Менимче, кичи мекеним Шамалды-Сайдагы коон, дарбыз, жаратылыш көрүнүшүн тартсам керек. Баса, түштүк тарапта Шамалды-Сайды билбеген адам жок. Анткени, анын ширелүү, таттуу дарбызы менен коону Бишкек—Ош унаа жол боюнда жайдын алгачкы күнүнөн баштап, кар түшкөнчө сатылат жана башка аймактарга да ташыла берет. Ооба, ал жер ачык, сай боюнда жайгашып, шамал жүрүп тургандыктан шамалдуу сай делсе керек. Мен ошол Жалал-Абад облусуна караштуу Шамалды-Сай шаарында 1962-жылы 24-февралда жарык дүйнөгө келгем. 11 баланы ыраматылык Эргеш атам менен учурда 95 жаштагы Турсунай апам экөө тарбиялап өстүрдү. Улуу агам 59 жашында оорудан тиги дүйнөгө кетти. Кылымга тете жашаган апабыз коломтолуу үйүбүздүн көркү, куту. Бирде Кыргызстанда болсо, кээде чет өлкөдөгү балдарынын үйүндө болуп, саякаттап да коёт. Буюрса, саналуу жылдардан соң апабыздын кылым толгон 100 жаш мааракесин өткөрөбүз», — деди Шааркан Мадалиева.

Ал өз сөзүндө окуучулук күндөрү, чыгармачылыктагы көркөм сүрөт өнөрү жөнүндө ой толгоп, аруу сезимдерин ачыктады.

«Элетте төрөлүп, анын түмөн түйшүгүнө аралашып жетилгендиктен турмуш сабактарын жашымдан үйрөндүм. Уй саап, каймак, сүт өндүрүп, эгин талааларында коон, дарбыз өстүрүп, ата-энемдин кичинекей жардамчысы болгом. Ошондо да калем кармай коюп, сүрөт тартсам, айрым учурда ыр саптарын жаратып, эч кимге көрсөтпөй чөнтөгүмө каткан күндөр да өттү. Мындай өнөрүмө тээ балалык кезимден байкоо салып жүргөн атам бир күнү «Кызым, сенде сүрөтчүлүк өнөр бар экенин билип жүрөм. Бул сейрек кездешүүчү талант. Бирок, ал багытта билим алышың керек. Ошондуктан, атайын мектептерге окутайын» деди. Бул мен үчүн күтүлбөгөн жаңылык болду. Атамдын сөзүнөн соң өзүмдү Репин, Чуйков, Чокморовдой сезип, тим эле башкача жашоодо жашай баштадым. Арадан бир нече айлар өткөн соң, сынакка катышып, Өзбекстандын Андижан облусунун Төрткүл айылындагы №9 көркөм сүрөт мектебине 5-класска кабыл алындым. Эми биротоло сүрөтчү болуу иш-аракетим жанданды. Бир күнү дубалда илинип турган белгилүү орус сүрөтчүсү Репиндин «Бурлаки на Волге» картинасын көпкө үңүлүп карадым. Негедир ал мага өзгөчө сезилди. Оор жүк тартып бараткан көп адамдарга бир чети боорум ооруса, мен да дал ушундай сүрөт тарткым келди. Ленинград шаарынан окуп, таң калыштуу сүрөт жаратып, белгилүү адам болгум келди. Ушундай кыял кемесинде жүрүп, 11-классты артыкчылык аттестаты менен аяктагам. Ошентип, турмушумдун жаңы барагы ачылып, чет өлкөдө жашоом башталды», — деди мекендешибиз.

Шааркан Мадалиева чет өлкөдөгү жашоосу жөнүндө мындайча эскерет.

«Окуучулук күндөр да соңуна чыгып, ар кимибиз учкан куштай туш тарапка багыт алдык. Ооба, 1982-жылдын 6-июлу эле. Классташ кызым экөөбүз Андижандан учмак болуп, аэропортко барсак, бир өзбек кыз жаныбызга келип: «Саламатсыздарбы, эжелер. Москвага уча турган болсоңор ушул катты Ваня, Валия дегендерге ала барасыздарбы? Толук дарегин беребиз» деп калды. Көздөрү бакырайган, өтө татынакай, 25 жаштардагы кыз экен. Мен аны суктануу менен карап, дароо эле макулдугумду бердим. Самолетко отурсак, көпчүлүгү спортчулар экен. Алар менен чогуу Москва шаарына учуп келдик да сапарыбызды Ленинградды көздөй уладык. Колубузда өтө деле оор жүк жок эле. Көпчүлүгү окуу жайга тапшыруучу документтер, композиция, натюрморт, живопись, графика жана башка сүрөттөр болчу. Анткени, Репин атындагы сүрөт академиясындагы сынакта ушуларды көрсөтмөкпүз. Шашылып окуу жайга келсек, ал жайда иштегендер тарткан сүрөттөрүбүздү көрүшүп, Кыргызстандын жаратылышына суктанышты. Талантыбызды мактоо менен кабыл алуу мөөнөтү бүтүп калганын айтышты. Курбум экөөбүз бири-бирибизди карап, жүзүбүздөн эле капа болгонубуз билинди. Бирок, белгилүү окуу жайдын босогосун аттап, агай-эжелер менен бир саам болсо да сүйлөшкөнүбүз биз үчүн өтө чоң кубаныч эле. Окуу жайдын имаратын кайра-кайра карап, өзүбүздү студенттей эле сездик. Андан чыккандан кийин аманат катты жеткирүү үчүн №120 автобуска отурдук. Кызык тамаша эми башталды.Чоң шаарды жакшы билбесек, же орусча да жөндүү сүйлөй албасак, көзүбүздү жалдыратып автобуста кете бердик. Бир убакта айдоочу сезип калды окшойт: «Кыздар, силер 2 сааттан бери түшпөй, кайсыл жерди издеп жүрөсүңөр?» деди. Окуучудай дароо ордубуздан тура калып, катта жазылган көчө, үй дарегин көрсөттүк. Ал дароо эле тилибизден түшүндү окшойт, унаасын токтотуп, жол көрсөттү. Курбум экөөбүз бири-бирибизди чымчып күлүп, ыракматыбызды айтып, сыр бербей жерге түшүп, издеген үйдү таптык. Үй ээси аялы менен бизди жакшы маанайда тосуп алды. Өзү фотограф болуп иштеген, майып арабадагы улгайган эле адам экен. Карасаңыз, турмуштун табышмагын. Сүрөтчү болом деп Ленинградга келип, сүрөтчүгө жолукканыбыз өзүнчө эле жашоо философиясы. Көрсө, ал адам Өзбекстандан, Кыргызстандан келгендер менен байланышта болуп, аларды сүрөткө тартып, өз оокатын жүргүзүп туруучу экен. Ошол үйдө түнөп калдык. Болгон окуянын баарын айтып бердик. Ал бизди унаасына отургузуп алып, шаарды көсөттү. Жумуш издеп, Ломоносов атындагы фарфор заводуна барсак: «Жакшы, сүрөтчүлүк билимиңер бар экен. Бирок, бул кыздар окуган жер менен биздин технологиябыз башкача. Жумушка кабыл ала албайбыз» десе болобу. Таң калдык. Сүрөттө тил болбосо да ар улутта ар түрдүүчө технология болобу? Ушул собол бизди көпкө ойлонтту жана биле элек көп нерселерибиз бар экендигинен кабарлады. Дүйнөлүк билим алуу өтө зарыл тура», — деди Шааркан.

Мекендешибиз чет элде 40 жылдан бери эмгектенүү менен сүрөтчүлүк жана медициналык жана башка окуу жайларында билим алганын да айтып берди.

«Кыргызстандан чет жерге келгениме туура 40 жыл болуптур. Ушул аралыкта ар түрдүү тармакта эмгектенүү менен окуп эле келе жатам. Себеби, ар бир кесиптин спецификалык өзгөчөлүгү бар. Баса, алгачкы жылдарда курулушта да иштедим. Андан соң, ардагерлердин госпиталына ишке орноштум. Кыскасы, түрдүү жумуштарды аркаладым. 5 жыл катары менен Репин атындагы академияга тапшыра берип, акыры 7 сынактан ийгиликтүү өтүп, студент болдум. Ал күндөр өзүнчө тарых. Сүрөтчүлүк окуу жайынан аяктаганда союз ыдырып кеткендиктен учурда медайым болуп эмгектенип келе жатам. Ошол өткөн 30 жылда убакыт аздыгынанбы, же турмуш шартка байланыштуубу, айтор сүрөт тартпай да калгам. Эми кайрадан кыл калем кармап, түрдүү сүрөттөрдү жаратуудамын. Негизи сүрөт өнөрү менин каным менен айланат окшойт. Түрдүү көрүнүштөрдү тартып жатканда башкача бир эргүү келет. Бийик тоолордо канатын кенен жайып жүргөн куштай сергип да, эргип да алам. Бул учурда уулум, сиңдимдин балдары таң калуу менен карап, бири-бирине мени көрсөтүп, тоскоол болбоо ниетинде башка бөлмөгө кирип кетишет. Кийин мен жараткан эмгекти суктануу менен карашып: «Биздин апабыздын колу күн нурунан бүткөн. Сүрөткө тим эле жан киргизип салыптыр» дешип бетимен өбүшөт. Мен ошого ыраазымын. 30 жыл сүрөт тартпай калганыма кээде өкүнөм. Канча сүрөттөр колумдан жаралбай, эл ичине таралбай калды, аттиң. Ушулар да кээде эске түшөт. Баарына шүгүр деп, чейрек кылым билим алган жашоомо кубанып, унаа башкарып баратып да обон созуп, Санкт-Петербург шаарында жашап, медайым болуп иштеп келем», — деп мекендешибиз Шааркан Мадалиева чын сырын төктү.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE