Пример HTML-страницы

Жол кырсыкка кабылган блогер Аружан Бекешева Оштон Бишкектеги ооруканага которулду

Акыркы жанылыктар

TurmushЖол кырсыкка кабылган блогер Аружан Бекешева Ош облустар аралык клиникалык ооруканасынан Бишкек шаарындагы ооруканага которулду.

Аружан Бекешеванын жолдошу Арген Асанов социалдык тармактагы баракчасы аркылуу бүгүн, 11-январда Бишкек шаарына кетип бара жатышканын жазды.

Ал эми Ош облустук ооруканасынан Turmush басылмасына билдиришкендей, блогер жаңы жылга чейин жеке ооруканалардын бирине которулуп кеткен.

———————————————————

Кырсык 2023-жылдын 25-декабрында саат 12:30 чамасында Ош—Баткен—Раззаков унаа жолунун 213-чакырымында болгон. «Мерседес-Бенц» үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу рулду башкара албай калып, унаа оодарылып кеткен. Унааны Баткен шаарынын тургуну С. уулу М. башкарып, Ош шаарынан Баткен шаарын көздөй бара жаткан.

Кырсыктан кийин айдоочу менен 2 жүргүнчү Баткен облустук ооруканасына жаткырылган.

Turmush басылмасына белгилүү болгондой, жүргүнчүлөр — блогер айым Аружан Бекешева (блогер Арген Асановдун жубайы ) менен дагы бир кыз болгон. Алар Баткен шаарындагы «Айкөл» ресторанына иш-чарага бара жаткан. Ал жерде «чай-концерт» болмок.

———————————————————

Кийинчерээк Аружан Бекешева Баткенден Ош облустар аралык ооруканасына которулган.

Социалдык тармакка А.Бекешева Оштогу ооруканада аны коридорго жаткырып коюшканы, ал эми дарыгерлер жаңы жылдык кечеге кеткени тууралуу видеосу жарыялаган.

«Бейтап коридордо жатып калган эмес. Түз эле нейрохирургия бөлүмүнүн 3-палатасына жаткырылып, тийиштүү жардам көрсөтүлүүдө. Ал бөлүм башчынын жеке көзөмөлүндө», — деп айтылган оорукананын маалыматында.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE