Пример HTML-страницы

Жети-Ѳгүздө катуу шамал мектеп менен медициналык мекеменин чатырларын учуруп, 1 млн сомдон ашык чыгым келтирилди

Акыркы жанылыктар

Turmush2024-жылдын 17-февралына караган түнү болжол менен саат 01:30 чамасында Жети-Ѳгүз районунун Саруу айыл аймагына караштуу Саруу жана Санаторий айылдарында катуу шамал болуп, натыйжада социалдык объектилерге зыян келтирилген.

Жети-Өгүз айыл аймагынын жарандык коргонуу боюнча комиссиясы Жети-Ѳгүз району боюнча ѳзгѳчѳ кырдаалдар бѳлүмүнүн, райондук шаар куруу жана архитектура башкармалыгынын жана «Кызыл-Суу» метеостанциясынын ѳкүлдѳрү менен катуу шамалдын кесепетинен зыянга учураган турак жайларды, чарбалык курулуштарды жана социалдык объектилерди жеринде көрүп, иликтөөгө алган учурда шамалдын ылдамдыгы Бофарттын шкаласына ылайык секундасына 26 метрге жеткендиги аныкталды.

Төмөнкү социалдык объектилер дагы шамалдын кесепетинен жабыркаган:

1. Саруу айыл аймагына караштуу Саруу айылындагы С.Сыдыков атындагы орто мектептин имаратынын чатыры жабыркаган.

Болжолдуу материалдык чыгым 975 миң 600 сомду түзөт.

2. Саруу айыл аймагына караштуу Санаторий айылындагы Республикалык дарылоо-реаблитациялоо борборунун имаратынын чатыры жабыркаган.

Болжолдуу материалдык чыгым 93 миң 900 сомду түзөт.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE