Пример HTML-страницы

Жети-Өгүздүн сырт өрөөнүндө тоо текенин этин алып бараткан тургун кармалды

Акыркы жанылыктар

TurmushЫсык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунда экологиялык милиция кызматкерлери жергиликтүү тургундан атылган тоо текени табышты. Бул тууралуу облустук милициянын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, кечээ, 15-февраль күнү мыйзамсыз аӊчылыктын алдын алуу жана болтурбоо максатында Ысык-Көл ОИИБдин туристтик-экологиялык милициянын кызматкерлери, «Илбирс» коомдук фондунун өкүлдөрү жана жергиликтүү егерлер менен бирдикте рейддик иш-чараны Жети-Өгүз районунун сырт өрөөндөрүндө өткөрүштү.

Иш-чаранын жүрүшүндө сырт өрөөнүнүн Ыштык жайлоосунда Кызыл-Суу айылынын 37 жаштагы тургуну Т.Б.дан бир даана атылган тоо теке табылып алынды. Текшерүү учурунда кармалган жаран текшерүүчүлөргө жапайы жаныбарды атууга эч кандай уруксат кагаздарын көрсөтө алган эмес.

Аталган факт Жети-Өгүз РИИБдин маалыматтарды каттоо электрондук журналына катталып, юридикалык баа берүү үчүн топтолгон материалдар тергөө кызматына өткөрүлүп берилди.

Учурда териштирүү иштери жүрүүдө.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE