Пример HTML-страницы

ЖАМУну бүтүргөн кыз Россиядан келгенден кийин агайы жазып берген жасалма документ менен диплом алган

Акыркы жанылыктар

TurmushЖалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунда мектеп директору университеттин бүтүрүүчүсүнө жалган тактама берген. Бүтүрүүчү жасалма документ аркылуу Жалал-Абад мамлекеттик университетинен диплом алган.

  • Айыпталуучу Бакыт (аты өзгөртүлдү) 1983-жылы Базар-Коргон районунда туулган, жогорку билимдүү, үй-бүлөлүү, 5 баласы бар. Райондогу мектептердин биринде директор болуп иштейт.

  • Ага карата Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренесинин (кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу) 2-бөлүгү боюнча айып тагылып, баш коргоо чарасы катары башка жакка кетпөө жөнүндө тил кат түрү тандалып алынган.

Тергөө органдарынын маалыматы боюнча, Бакыт Базар-Коргон райондук билим берүү бөлүмүнүн 2013-жылдын 20-августундагы буйругу менен мектеп директору болуп дайындалган. Ал 2017-жылы 25-августта Перизатты (аты өзгөртүлдү) мугалим катары жумушка кабыл алып, эмгек китепчесине жумушка кабыл алынганы тууралуу жазган. Бирок Перизат аталган мектепте бир дагы күн иштеген эмес. Перизат 2017-жылдын 25-августунан 2022-жылдын 14-февралына чейин аталган мектепте башталгыч класстардын мугалими катары иштегини тууралуу жалган тактама жазып берген. Жалган буйрук, жалган тактама жана жалган эмгек китепчеси менен Перизат Жалал-Абад мамлкеттик университетинен башталгыч класстарды окутуу адистиги боюнча диплом алган.

Педогогикалык, фармацевттик же медициналык адистиги, укук коргоо ишинин адистиктери боюнча окууну аяктагандан кийин жолдомо боюнча иштөөдөн баш тартканда, бюджеттик каражаттардын эсебинен окуган же жогорку жана кесиптик орто билим алган Кыргыз Республикасынын жарандары мамлекеттик билим берүү грантынын бюджеттик орундун өлчөмүндө билим берүү уюмунун адисти даярдоого чыгымдардын ордун толтурууга милдеттүү. Ал эми аталган бүтүрүүчү бул талапты аткарган эмес. Анын кесепетинен мамлекетке 62 731 сом зыян келтирилген.

Сот отурумунда айыпталуучу күнөөсүн толугу менен мойнуна алды. 2017-жылдын август айында Перизат Жалал-Абад мамлекеттик университетинин жолдомосу менен келген. Аны жумушка кабыл алган. Ал бир жума иштегенден кийин ден соолугуна байланыштуу жумушка келбей калган. Аны жумуштан бошотуу тууралуу буйрук чыгарган эмес, бирок айылык да чегерилген эмес. Ал эми 2020-жылы Перизат өз каалоосу менен жумуштан бошотуу тууралуу арыз жазган. Анын суранычы менен 2017-жылдан тарта аталган мектепте башталгыч класстын мугалими болуп иштегени тууралуу жалган тактама жазып, эмгек китепчесин толтуруп берген. Ал жасаган ишине өкүнүп, жеңил жаза берүүнү суранды.

Сот отурумунда Жалал-Абад мамлекеттик университетинин атайын жана мобилизация иштери боюнча бөлүмдүн башчысы көрсөтмө берди. Анын айтымында, тактаманын жасалмалуугун текшерүүгө укуктары жок.

Ал эми Перизат айыпталуучу мектепте окуткан агайы экенин билдирди. Анын айтымында, Жалал-Абад мамлекеттик университетинде башталгыч класстын мугалими адистиги боюнча билим алган. Окуу жайды бюджеттик негизде аяктаганына байланыштуу университет жөнөткөн жерде 3 жыл иштегенден кийин диплом алмак. Аталган мектепте бир жума иштегенден кийин Россияга кетип калган. Кыргызстанга 2020-жылы келип, жумуштан бошотуу тууралуу арыз жазган. 2021-жылы кайра Россияга кетип, 2022-жылы келип, аталган мектептин директорунан суранып, мектепте иштегени тууралуу жалган маалымат жаздырып, ал документ менен диплом алган.

Сот айыпталуучунун аракетин Кылмыш-жаза кодексинин 346-беренесинин (кызматтык жасалмачылык) 1-бөлүгүнө квалификациялады.

Жыйынтыгында Базар-Коргон райондук сотунун 2022-жылдын 15-декабрындагы өкүмү менен айыпталуучу күнөөлүү деп табылып, 300 000 сом айып пул салынды.

  • Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин ректору Усенов Кеңешбек Жумабекович. 2016-жылы 24-ноябрда премьер-министр Сооронбай Жээнбековдун буйругу менен ректор болуп дайындалган. 2021-жылдын 24-декабрында кайрадан ЖАМУнун ректору болуп шайланган.

Буга чейин Башкы прокуратура Жалал-Абад облустук прокуратурасы тарабынан Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинде текшерүү жүргүзүлгөнүн билдирген. Анда педогогикалык багыты боюнча бюджеттик (гранттык) группаларды аяктаган 82 бүтүрүүчү Жалал-Абад облусунун аймагындагы райондордо орто билим берүү мектептеринде 2 жана 3 жыл иштешкендиги тууралуу жалган буйрук, тактама жана күбөлөндүрүлгөн эмгек китепчелеринин көчүрмөлөрүн Жалал-Абад мамлекеттик университетине тапшырып, жогорку окуу жайды бүткөндүгү тууралуу дипломдорду алып кеткени аныкталган.

Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси (кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу) менен кылмыш иш козголгон.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE