Пример HTML-страницы

Жамгыр жаай турганынан кабар берген Чүйдөгү өзгөчө гүл жөнүндөгү кызыктуу фактылар

Акыркы жанылыктар

TurmushЧүй облусунун Кара-Балта шаарынын айланасындагы талааларда каз пияз массалык түрдө гүлдөдү.

Бул өсүмдүк тууралуу биолог Ирина Стежко төмөнкүлөрдү айтты:

«Сары каз пиязы же кычкылдырык — лилия гүлдүүлөр тукумундагы көп жылдык өсүмдүктөрдүн бир түрү. Дүйнөдө бул өсүмдүктүн 100гө жакын түрү бар. Аталышынын келип чыгышы кызык. Илгери-илгери сары гүлдөр жайнаган талаага учуп жүргөн жапайы каздардын тобу конуп эс алып, пияздын бүчүрлөрүн тиштеп жешкен. Ушундан улам каз пияз аталып калган.

Каз пияздын жаш сабактарын салатка кошуп жесе болот. Анда бир аз сарымсактын жыты бар. Декоративдүү өсүмдүк катары аны гүлзарларга жана атайын идишке отургузууга болот. Ошондой эле, бул өсүмдүктүн жардамы менен аба ырайын 100 пайыз аныктоого болот. Жамгырга бир нече саат калганда, асманда булут жок, күн ачык болсо да, гүл кутучалары жабылып клаат. Гүлдүн ушул көрүнүшүнөн жакынкы убакта жамгыр жаай турганын билсе болот», — деди ал.

Шаардын айланасындагы талаалар сары каз пияз гүлдөрү менен капталган.

«Каз пиязы жазгы биринчи жылуулукка массалык түрдө жооп берген биринчи өсүмдүк. Кара-Балтанын айланасындагы талаалар жашыл килемдин үстүндө миңдеген майда сары жылдыздар чачырап кеткендей көрүнөт», — дешет жергиликтүү тургундар.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE