Пример HTML-страницы

Жалал-Абаддагы спартакиадага мүмкүнчүлүгү чектелген 200дөн ашык жаран чогулду

Акыркы жанылыктар

TurmushЖалал-Абад шаарында ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын арасында XII облустук спартакиада өттү. Бул тууралуу Turmush басылмасынын кабарчысы билдирди.

Иш-чарага президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абсаттар Сыргабаев, Тогуз-Торо районунун акиминин биринчи орун басары Дамир Тагайбек уулу, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана облустун район-шаарларынан келген 200дөн ашык мүмкүнчүлүгү чектелген жаран катышты.

Абсаттар Сыргабаевдин маалыматы боюнча, облуста ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген 51 миң 917 жаран бар. Алардын ичинен 8 миң 165и бала кезинен майыптык алгандар.

«Жылдан жылга мамлекет тарабынан аларга берилүүчү жөлөк пулдардын көлөмү артып, мүмкүн болгон жардамдар көрсөтүлүп келе жатат. Бирок майыптыгы бар жарандарыбыз ага карап турбай, өздөрү демилге көтөрүп, ар түрдүү тармактарда өздөрүнүн активдүүлүгүн көрсөтүп келе жатышат. Андыктан сиздер бүгүнкү дени сак коомго, жаш муунга чоң үлгүсүздөр», — деди ал.

Мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын «Асыл-Ай» коомунун төрайымы Жумакан Жаркулованын айтымында, бул спартакиада 2010-жылы уюштурулуп баштап, жыл сайын өткөрүлүп келет.

«Мындай спартакиада өлкөдө бир гана Жалал-Абад облусунда өтөт. Жылына бир жолу өткөн саамалыкта район-шаарлардан бери чогулушкандыктан спартакиаданы атайын күткөндөр көп. Бири-бири менен сүйлөшүп, чер жазышып кетишет», — деди ал.

Спартакиадада 8 оюндун түрү боюнча мелдеш өттү. Быйылкы жылкы мелдешке жаа атуу оюну киргизилди. Саамалыкка ыйгарым укуктуу өкүлдүн резервдик фондунан 200 миң сом бөлүнгөн. Ал эми уюштуруу иш-чарасын быйыл Тогуз-Торо району колго алды. Райондун бюджетинин 500 миң сом акча каражаты жумшалды.

Жолдун алыстыгы, катаалдыгы эске алынып, саамалык Жалал-Абад шаарында өткөрүлдү.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE